# 19-статья. Жеке маалыматтарды жабуу, жабылгандарын ачуу жана жок кылуу боюнча жеке маалыматтардын массивин кармоочуларынын (ээлеринин) милдеттери

- Документ: [Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202269)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3703/edition/1239266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202269/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө, 19-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-19

---

1. Эгерде жеке маалымат субъекти жеке маалыматтар массивин кармоочунун (ээсинин) жеке маалыматынын ишенимсиздигин же ошол маалыматка тиешелүү аракеттин укуксуздугун аныктаса, ошол маалыматтарды кармоочуга (ээсине) же ыйгарым укуктуу органга арыз бере алат. Кармоочу (ээси) субъекттин арызын алууга жана арыз түшкөндөн баштап текшерип бүткөнгө чейин анын жеке маалыматтарын жаап салууга милдеттүү.

2. Жеке маалыматтардын ишенимсиздиги ырасталган учурда маалыматтар массивин кармоочу (ээси) субъект көрсөткөн документтердин негизинде жеке маалыматтарды оңдоого жана жабылгандарын ачууга милдеттүү.

3. Жеке маалыматтар укуксуз жыйналгандыгы аныкталган учурда кармоочу (ээси) тийиштүү маалыматтарды кечиктирбестен жок кылууга жана ал жөнүндө жеке маалымат субъектине документ түрүндө билдирүүгө милдеттүү.

4. Жеке маалыматтардын аныктыгы же алардын аракеттеринин укуктуулугу өз ара таанылган учурда жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) алардын жаап салгандыгын тез аранын ичинде ачууга милдеттүү.

5. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) жеке маалымат субъектинин арызы менен макул болбогон учурда, талаш-тартышты кароо администрациялык же сот тартибинде жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-20)
