# 18-статья. Жеке маалыматтар тизмегин түзүү боюнча жеке маалыматтарды кармоочулардын (ээлеринин) милдеттери

- Документ: [Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202269)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2017 года № 129 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информации персонального характера"](https://aqlex.ai/kg/doc/111636)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269#diff=1239266..1239267>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3703/edition/1239266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202269/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө, 18-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-18

---

1. Жеке маалыматтар менен иш жүргүзгөн кармоочулар (ээлери) компетенцияларынын чегинде өздөрүнүн ишмердиктеринин өзгөчөлүгүнө жараша жеке маалыматтар тизмегин иштеп чыгышат жана аны жетекчиликке алышат.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн тизмектер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат, ошол органда катталат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жыл сайын басылып чыгарыла турган жеке маалыматтар массивдерин кармоочуларынын (ээлеринин) реестринде жарыяланат. Бул тизмектер мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн колдонула турган маалыматтардын көлөмүн белгилейт.

3. Жеке маалыматтар тизмектерин каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жеке маалыматтар менен иш жүргүзгөн жеке маалыматтарды кармоочулар (ээлери) өздөрүнүн ишмердиктеринин өзгөчөлүгүнө ылайык жеке маалыматтар тизмектерин иштеп чыгышат жана аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат.

5. Жеке маалыматтардын тизмектери ал маалыматтарды чогултуу максатына ылайык келиши керек. Башка мүнөздөгү максаттарды ишке ашыруу үчүн белгиленген тизмектерди кедейтүүгө жол берилбейт.

(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-19)
