18-статья. Жеке маалыматтар тизмегин түзүү боюнча жеке маалыматтарды кармоочулардын (ээлеринин) милдеттери
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 июля 2017 года № 129
1. Жеке маалыматтар менен иш жүргүзгөн кармоочулар (ээлери) компетенцияларынын чегинде өздөрүнүн ишмердиктеринин өзгөчөлүгүнө жараша жеке маалыматтар тизмегин иштеп чыгышат жана аны жетекчиликке алышат.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн тизмектер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат, ошол органда катталат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жыл сайын басылып чыгарыла турган жеке маалыматтар массивдерин кармоочуларынын (ээлеринин) реестринде жарыяланат. Бул тизмектер мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн колдонула турган маалыматтардын көлөмүн белгилейт.
3. Жеке маалыматтар тизмектерин каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жеке маалыматтар менен иш жүргүзгөн жеке маалыматтарды кармоочулар (ээлери) өздөрүнүн ишмердиктеринин өзгөчөлүгүнө ылайык жеке маалыматтар тизмектерин иштеп чыгышат жана аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат.
5. Жеке маалыматтардын тизмектери ал маалыматтарды чогултуу максатына ылайык келиши керек. Башка мүнөздөгү максаттарды ишке ашыруу үчүн белгиленген тизмектерди кедейтүүгө жол берилбейт.
(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202269/st-18" title="18-статья - Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>