# 15-статья. Субъекттин укуктарынын чектелиши

- Документ: [Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202269)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2022 года N 53 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам разведывательной и контрразведывательной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112391)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269#diff=1239268..1239269>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3703/edition/1239266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202269/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө, 15-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-15

---

1. Субъекттин өзүнүн жеке маалыматтарын берүүгө жана алууга укугунун чектелиши төмөнкүлөргө карата болушу мүмкүн:

1) Өзүнүн жеке маалыматтарын субъект жеке маалымат массивдерин кармоочуларга (ээлерине) берүү укугу чектелет - мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга кирген жеке маалымат субъектилери үчүн - "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык;

2) Субъекттин өзүнүн жеке маалыматтарына жетүү, өзүнүн жеке маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, өзүнүн жеке маалыматтарын жабуу укуктары:

а) изин-суутпай-иликтөө, тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо аракетинин натыйжасында алынган жеке маалыматтар үчүн, ошол иш-аракет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жүргүзүлгөн учурларды кошпогондо;

б) кылмыш жасоого шектүү болуп кармалган, же кылмыш-жаза иши боюнча айып коюлганда, же ошол аракетти жүргүзгөн органдарда айып коюлганга чейин бөгөт коюу чаралары колдонулган субъекттердин жеке маалыматтары үчүн.

2. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралбаган жеке маалыматтарга субъекттин жеткиликтүү укугун чектөөгө жол берилбейт.

(КР 2022-жылдын 30-июнундагы № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-16)
