# 8-берене. Ченемдик укуктук актыларды кайра кароонун үчүнчү этабы

- Документ: [Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202266)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5 апрелиндеги "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202266#diff=502744..28751>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3700/edition/502742/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202266/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө, 8-берене (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-8

---

1. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин бир айлык мөөнөттө ведомстволор аралык комиссия ченемдик укуктук актынын ушул Мыйзамга шайкештиги жөнүндө корутунду даярдайт жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берет.

2. Ведомстволор аралык комиссия тарабынан корутунду берилгенден кийин бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ченемдик укуктук актынын ушул Мыйзамга шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө чечим кабыл алат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин эки айлык мөөнөттө аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ченемдик укуктук актынын ушул Мыйзамга шайкеш эместиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте ушул Мыйзамга шайкеш келтирет.

Мында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамга шайкеш эместигин аныктаган учурда аларды өзүнүн чечими менен жокко чыгара алат. (КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-9)
