# 7-берене. Ченемдик укуктук актыларды кайра кароонун экинчи этабы

- Документ: [Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202266)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5 апрелиндеги "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3700/edition/502742/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202266/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө, 7-берене (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-7

---

Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин 3 айдын аралыгында ведомстволор аралык комиссия аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары беришкен ченемдик укуктук актыларды жана түшүндүрмө каттарын карайт. Ченемдик укуктук актыны сунуштаган аткаруу бийлигинин органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аны кароого катышат. Ведомстволор аралык комиссия кызыкдар жактарга жана уюмдарга ченемдик укуктук актыларды кайра кароого катышуунун шарттарын маалымдайт жана камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-8)
