# 6-берене. Ченемдик укуктук актыларды кайра кароонун биринчи этабы

- Документ: [Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202266)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5 апрелиндеги "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202266#diff=502744..28751>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3700/edition/502742/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202266/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө, 6-берене (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-6

---

1. Аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын иш чөйрөсүнө тиешелүү ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамдын негизинде үч айлык мөөнөттө карайт.

Аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ченемдик укуктук актыларды караганда тиешелүү тармактардын бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрүн тартуу менен жумушчу топторду түзүшөт.

2. Ушул берененин 1-пунктунун биринчи абзацында белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин 15 күндүн ичинде ар бир аткаруу бийлигинин органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ченемдик укуктук актыларды ыйгарым укуктуу органга негиздемелери менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте беришет.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин 15 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык комиссияга тиешелүү ченемдик укуктук актыларды негиздемелери менен берет.

Ведомстволор аралык комиссиянын функциялары, ыйгарым укуктары, курамы жана ишинин башка маселелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-7)
