# 4-берене. Жөнгө салуучу таасирди талдоо

- Документ: [Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202266)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5 апрелиндеги "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.02.2025 [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272); 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 168 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об оптимизации нормативной правовой базы регулирования предпринимательской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203977)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202266#diff=502744..28751>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3700/edition/502742/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202266/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө, 4-берене (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-4

---

1. Жөнгө салуучу таасирди талдоо ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна төмөндөгүдөй бирдей мамиле жасоону белгилейт:

- аларды негиздөөнү;

- баштапкы талдоо жүргүзүүнү;

- ченемдик укуктук актыны аткарууга байланышкан чыгымдарды жана болжолдуу пайданы талкуулоону жана баалоону;

- республикалык (жергиликтүү) бюджеттин ченемдик укуктук актыны колдонууга карата чыгымдарын аныктоону;

- экономикага жана коомдук процесстерге күтүлүүчү натыйжаларды баалоону;

- ченемдик укуктук актылардын Эл аралык укуктун ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерине ылайык келишин жана аны сактоону контролдоону баалоо;

- атаандаштыкка таасир этүүнүн күтүлгөн натыйжаларына баа берүүнү;

- сунушталган ченемдик укуктук акты менен жөнгө салынуучу проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү механизмдерин кароону камтыйт.

Жөнгө салуучу таасирди талдоо колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карата да жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо усулу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 168, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-5)
