# 3-берене. Ишкердик чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн жооптуу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы

- Документ: [Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202266)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5 апрелиндеги "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202266#diff=502744..28751>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3700/edition/502742/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202266/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө, 3-берене (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-3

---

Ишкердик чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн жооптуу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Ыйгарым укуктуу орган:

- ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу процессинин үзгүлтүксүз жүрүүсүн камсыз кылат;

- аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ушул Мыйзамдын аткарылышына мониторинг жүргүзөт жана жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет;

- бизнес-шериктештиктин жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу менен өксүктөрдү жана карама-каршылыктарды табуу, ошондой эле укуктук жөнгө салуунун натыйжалуулугун белгилөө максатында ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук базага туруктуу негизде мониторинг жана баалоо жүргүзөт, бул жөнүндө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет;

- ченемдик актылардын ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген принциптерге шайкештигине, ошондой эле Кыргыз Республикасында ишкердик ишти жөнгө салуунун натыйжалуулугуна карата аларды кайра кароо боюнча сунуштарды чогултуу жана даярдоо боюнча координациялоочу орган болуп саналат;

- ушул Мыйзамга ылайык келбеген ченемдик укуктук актыларды кайра кароо же күчүн жоготту деп таануу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте киргизет.

(КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-4)
