# 2-берене. Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын кайра кароонун жана оптималдаштыруунун негизги принциптери

- Документ: [Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202266)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5 апрелиндеги "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.02.2025 [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272); 18.02.2014 [Закон КР от 18 февраля 2014 года № 35 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205257); 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 168 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об оптимизации нормативной правовой базы регулирования предпринимательской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203977)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202266#diff=502744..28751>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3700/edition/502742/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202266/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө, 2-берене (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-2

---

Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын кайра кароонун жана оптималдаштыруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу процессинин үзгүлтүксүздүгү, ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды (мындан ары - ченемдик укуктук актылар) иштеп чыгууда жана аткарууда ачык-айкындык жана туруктуулук;

- ишкердик ишке кийлигишпөө, анын ичинде мыйзамда каралгандан башка учурларды эске албаганда аны токтотууга жол бербөө;

- мамлекеттик органдардын мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча функцияларын бөлүштүрүү;

- аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган негиздеме бербеген учурда ченемдик укуктук актыларды жокко чыгаруу;

- ишкердик иш чөйрөсүндө мыйзамдын кайсы бир жоболорун колдонууда күмөн пайда болгондо мыйзамдын түшүнүксүздүгүн ишкердик субъектинин пайдасына чечмелөө;

- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамда белгиленгенден башка акыларды белгилешине жана алышына жол бербөө;

- лицензияларды, уруксаттарды жана ишкердик ишке байланыштуу башка актыларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана/же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору менен аныкталгандан башка документтерди белгилөөгө жана талап кылууга жол бербөө;

- атаандаштыкты чектөөгө жана базарды монополизациялоого жол бербөө;

- ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу процессинин бардык этаптарына кызыкдар бизнес-шериктештиктердин өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусун камсыз кылуу;

- ар бир конкреттүү ченемдик акты менен ченемдик укуктук актылардагы өксүктөрдү жана карама-каршылыктарды табуу жана ишкердик ишти укуктук жөнгө салуунун натыйжалуулугун белгилөө максатында ишкердик ишти жөнгө салуучу колдонуудагы жана кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын мониторингин өткөрүүнүн жана аларга баа берүүнүн туруктуу негизи, ачык-айкындуулугу жана объективдүүлүгү.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 168, 2014-жылдын 18-февралындагы № 35 , 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-3)
