# 1-берене. Ишкердик ишти жөнгө салуу

- Документ: [Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202266)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5 апрелиндеги "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202266#diff=502744..28751>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3700/edition/502742/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202266/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө, 1-берене (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-1

---

1. Ушул Мыйзамда ишкердик ишти жөнгө салуу ишкерлерге жана алардын ишине карата укуктарды, милдеттерди жана талаптарды белгилөөнү, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары менен ишкерлердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салууну болжойт.

2. Жөнгө салуучу пилоттук чөйрө - колдонуудагы мыйзамдарды бузуу тобокелдигисиз чектелген чөйрөдө долбоорлорду тестирлөөгө мамлекеттик органдарга мүмкүндүк берүүчү инновациялык/жаңы долбоорлорду эксперимент тартибинде тестирлөө үчүн укуктук режим.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында же бүткүл аймагында пилоттук жөнгө салуу долбоорун ("жөнгө салуучу пилоттук чөйрө" режимин) бир жылга чейинки мөөнөткө киргизүүгө укуктуу.

Пилоттук жөнгө салуу долбоорун жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Пилоттук жөнгө салуу долбоорун жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтын негизинде тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынат же ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү же ченемдик укуктук актыны күчүн жоготту деп таануу боюнча башка чаралар кабыл алынат.

(КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202266/st-2)
