# КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 57 "Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 57 "Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1248/edition/432460/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 57 "Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу" токтому (29.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20226

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 29-апрели № 57 Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу 2013-жылдын 10-апрелинде Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өткөрүлдү, ал Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 40 токтому менен дайындалган. Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

2. Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2013-жылдын 10-апрелиндеги протоколдор бекитилсин.

3. Талапкер Кудайбергенов Камчыбек Кадыркулович Чет-Нура айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп эсептелсин.

Шайланган башчыга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
