# 8-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202247)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 17-марты № 23 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202247/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3684/edition/464966/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202247/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө, 8-берене (19.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202247/st-8

---

Атайын каражаттардын сметасында бекитилген суммадан ашыкча келип түшкөн бюджеттик мекемелердин каражаттары толугу менен республикалык бюджеттин кирешесине алынат. Бюджеттик мекемелердин уруксат, лицензия берүүдөн жана мамлекеттик имараттарга ижара төлөмдөрүнөн алынуучу каражаттары (маданият жана би- лим берүү мекемелеринин ижара төлөмдөрүн кошпогондо) толугу менен бюд- жеттин киреше бөлүгүнө которулат. Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарды казыналык системасын ат- тап өтүп, пайдалануусуна тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 50 пайызы республикалык бюджеттин кирешеси- не алынат. Айылдардын четиндеги жайыттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине, ал эми көп пай- даланылуучу жана алыскы жайыттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акы рай- ондордун жергиликтүү бюджеттерине келип түшөөрү белгиленсин.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202247/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202247/st-9)
