8-берене
Күчүндө · 19.05.2009 редакциясы
Атайын каражаттардын сметасында бекитилген суммадан ашыкча келип түшкөн бюджеттик мекемелердин каражаттары толугу менен республикалык бюджеттин кирешесине алынат. Бюджеттик мекемелердин уруксат, лицензия берүүдөн жана мамлекеттик имараттарга ижара төлөмдөрүнөн алынуучу каражаттары (маданият жана би- лим берүү мекемелеринин ижара төлөмдөрүн кошпогондо) толугу менен бюд- жеттин киреше бөлүгүнө которулат. Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарды казыналык системасын ат- тап өтүп, пайдалануусуна тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 50 пайызы республикалык бюджеттин кирешеси- не алынат. Айылдардын четиндеги жайыттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине, ал эми көп пай- даланылуучу жана алыскы жайыттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акы рай- ондордун жергиликтүү бюджеттерине келип түшөөрү белгиленсин.
Берененин тексти 19.05.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202247/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>