Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу» Мыйзамы
Бишкек шаары
2008-жылдын 15-февралы № 15
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык
бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2007-жылдын 11-ма-
йы, № 34) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-статьядагы "28942549,2", "34886738,2", "4096189,0",
"1848000,0" деген сандар тиешелүү түрдө "31688301,8", "36310142,3",
"3141400,0", "1480440,5" деген сандар менен алмаштырылсын.
2. 4-статьядагы "5207972,4", "2795207,9" деген сандар тиешелүү
түрдө "3858720,3", "2777625,3" деген сандар менен алмаштырылсын.
3. 11-статьядагы "948919,3" деген сандар "1113704,7" деген сандар
менен алмаштырылсын.
4. 14-статьядагы "2340785,1" деген сандар "2283075,9" деген сандар
менен алмаштырылсын.
5. 15-статьядагы "164431,6" деген сандар "186285,0" деген сандар
менен алмаштырылсын.
6. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 22-1-статья менен толукталсын:
"22-1-статья.
Бюджеттик мекемелер (анын ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иш-
тер министрлигинин дипломатиялык мекемелери да) 2007-жыл ичинде жана
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген
2007-финансы жылын узартуу боюнча жыйынтыктоочу жүгүртүүлөрдүн мезги-
линде пайдаланбаган бюджеттик каражаттардын калдыктары милдеттүү түрдө
республикалык бюджетке кайтарылууга тийиш.".
7. № 1, 1-1, 2, 3, 4, 4-1, 5 жана 6-тиркемелер ушул Мыйзамга кара-
та № 1, 1-1, 2, 3, 4, 4-1, 5 жана 6-тиркемелерге ылайык редакцияда ба-
яндалсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
2008-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
Токтом МБ эскертүүсү: № 1, 1-1, 2, 3, 4, 4-1, 5 жана 6-тиркемелер
техникалык жактан иштелип жатат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 28.04.2007 · № 46
- "Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге 2007-жылы үлүштүк акыларды төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 05.08.2008 · № 423 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 28.04.2007 · № 46