# 8-берене. Судьялар кеңешин уюштуруу

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202245)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы № 35 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2016 года № 89 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111368)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.06.2016 [Закон КР от 25 июня 2016 года № 89 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111368); 13.06.2011 [Закон КР от 13 июня 2011 года № 38 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об органах судейского самоуправления" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203282)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202245#diff=1106702..1106703>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202245/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3682/edition/1106701/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202245/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 8-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202245/st-8

---

1. Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайынын аралыгындагы мезгилде иштеген, соттук өзалдынча башкаруунун жогорку органынын саясатын жүргүзгөн соттук өзалдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат. Судьялар кеңеши судьялардын курултайына отчет берип турат.

2. Судьялар кеңеши судьялардын курултайы тарабынан курултайга катышкан судьялардын көпчүлүк добушу менен шайланат.

3. Судьялар кеңеши бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эсепке алуу менен, судьялар коомдоштугунун ичинен, үч жылдык мөөнөткө шайланган он беш мүчөдөн турган курамда түзүлөт.

Судьялар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер боюнча сунуштар судьялар чогулушу тарабынан судьялардын курултайынын кароосуна киргизилет. Талапкерлердин курамына жергиликтүү соттордун судьялары менен катар Жогорку соттун үчтөн ашпаган судьясы жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын бир судьясы киргизилиши мүмкүн. Судьялар кеңешинин жаңы курамын түзүүдө судьялардын курултайы Судьялар кеңешинин ишинин жолун жолдоочулугун камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен кабыл алат.

4. Судьялар кеңешинин ишин уюштуруу, техникалык, материалдык, финансы жана усулдук жактан камсыз кылуу жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан (мындан ары ыйгарым укуктуу орган) ишке ашырылат.

5. Судьялар кеңешине жетекчиликти Төрага, ал эми ал жокто - Төраганын орун басары жүзөгө ашырат. Судьялар кеңешинин мүчөсү эки мөөнөттөн ашык катары менен Судьялар кеңешинин төрагасы же Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары кызматына шайлана албайт.

6. Судьялар кеңешине Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары, ошондой эле Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамына кирген судьялар кире алышпайт.

7. (Бөлүк КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8. (Бөлүк КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9. Судьялар кеңеши зарылдыгына жараша, бирок жылына төрт жолудан кем эмес чакырылат.

10. Судьялар кеңешинин төрагасынын жазуу жүзүндөгү сунуштамасына ылайык, Судьялар кеңешинин мүчөсү үчүн Судьялар кеңешинде аткарган иштеринин көлөмүнө жараша тиешелүү соттогу негизги иш орду боюнча тагылган милдеттери азаят.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38, 2016-жылдын 25-июнундагы № 89 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202245/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202245/st-9)
