# 7-берене. Судьялардын курултайынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202245)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы № 35 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2011 года № 38 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об органах судейского самоуправления" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203282)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202245#diff=1106701..1106702>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202245/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3682/edition/1106701/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202245/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 7-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202245/st-7

---

1. Судьяларынын курултайы:

- Судьяларынын курултайынын Регламентин жана Судьялар кеңешинин Регламентин жана соттук өзалдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуучу дагы башка актыларды бекитет;

- бийликтин сот бутагынын саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана Судьялар кеңешинин алдына соттордун көз каранды эместигин камсыз кылууга, ошондой эле судьялардын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган милдеттерди коет;

- сот реформасынын концепциясынын долбоорун жактырат;

- судьялардын ар-намысы Кодексин бекитет;

- сот практикасынын проблемаларын жана мыйзамдарды өркүндөтүүнү талкуулайт;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына, коомдук бирикмелерине жана жарандарына судьялар коомдоштугунун атынан кайрылууларды кабыл алат;

- Судьялар кеңешинин мүчөлөрүн шайлайт;

- Судьялар кеңешинин отчетун угат;

- сот коомдоштугунун башка маселелерин чечет.

2. (Бөлүк КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Судьялар курултайынын чечимдери сот коомдоштугунун мүчөлөрү үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202245/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202245/st-8)
