# 6-берене. Судьялардын курултайы

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202245)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы № 35 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2011 года № 38 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об органах судейского самоуправления" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203282)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202245#diff=1106701..1106702>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202245/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3682/edition/1106701/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202245/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 6-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202245/st-6

---

1. Судьяларынын курултайы соттук өзалдынча башкаруунун жогорку органы болуп саналат.

2. Судьяларынын курултайы Судьялар кеңешинин чечими боюнча үч жылда бир жолу чакырылат, ал курултайды өткөрүү датасын, убактысын жана жерин белгилейт. Судьялардын кезексиз курултайы Судьялардын кеңешинин чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын бардык судьяларынын кеминде үчтөн биринин демилгеси боюнча чакырылат.

(Экинчи абзац КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Судьяларынын курултайы, эгерде анын ишине Кыргыз Республикасынын судьяларынын жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп эсептелинет.

4. Судьялардын курултайына Судьялар кеңешинин Төрагасы, ал эми ал жокто Төраганын орун басары төрагалык кылат.

5. Эгерде курултай тарабынан чечим кабыл алуунун башкача тартиби белгиленбесе, курултайдын чечими катышып отургандардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202245/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202245/st-7)
