# 4-берене. Соттук өзалдынча башкаруу органдары

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202245)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы № 35 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2011 года № 38 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об органах судейского самоуправления" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203282)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202245#diff=1106701..1106702>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202245/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3682/edition/1106701/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202245/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 4-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202245/st-4

---

1. Соттук өзалдынча башкаруу органдары сот бийлигин жүргүзүүчү катары судьялардын кызыкчылыктарын билдирүү жана коргоо үчүн ушул Мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде иш милдеттерин жүзөгө ашырышат.

2. Төмөндөгүлөр соттук өзалдынча башкаруу органдары болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайы (мындан ары судьялардын курултайы);

2) Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңеши (мындан ары - Судьялар кеңеши);

3) Кыргыз Республикасынын судьяларынын чогулушу (мындан ары судьялардын чогулушу).

3. Соттук өзалдынча башкаруу органдарын түзүүнүн жана иштешинин жана алардын өзара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайы тарабынан аныкталат.

4. Соттук өзалдынча башкаруу органдарына шайланган адамдар өз ишин коомдук башталышта аткарышат.

5. Судьялардын курултайынын жана Судьялар кеңешинин иши алардын регламенти менен жөнгө салынат.

6. Талкууланган маселелер боюнча соттук өзалдынча башкаруу органдары чечимдерди, ошондой эле мамлекеттик органдарга, коомдук бирикмелерге жана кызмат адамдарына бир айлык мөөнөттө каралууга тийиш болгон кайрылууларды кабыл алышат.

7. Судьялар кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганы менен, анын ыйгарым укуктары судьялардын кезектеги курултайы өткөрүлгөнгө чейин сакталат.

8. Соттук өзалдынча башкаруу органдары сот адилеттигин аткаруу боюнча иштерге кийлигише албайт.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202245/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202245/st-5)
