# 101-берене. Судьялардын чогулушу жана анын ыйгарым укуктары

- Документ: [Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202245)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы № 35 "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 149 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием Закона Кыргызской Республики "О Дисциплинарной комиссии при Совете судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111656)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2017 [Закон КР от 28 июля 2017 года № 149 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием Закона Кыргызской Республики "О Дисциплинарной комиссии при Совете судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111656); 25.06.2016 [Закон КР от 25 июня 2016 года № 89 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111368); 13.06.2011 [Закон КР от 13 июня 2011 года № 38 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об органах судейского самоуправления" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203282)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202245#diff=1106704..1106705>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202245/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3682/edition/1106701/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202245/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 101-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202245/st-101

---

1. Жогорку соттогу, Жогорку соттун Конституциялык палатасындагы жана жергиликтүү соттогу судьялардын чогулушу соттук өзалдынча башкаруунун баштапкы органы болуп эсептелет.

2. Судьялардын чогулушу жылына бир жолудан кем эмес чакырылат.

3. Судьялардын чогулушу:

- судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылууга, соттордун ишин уюштурууну өркүндөтүүгө жана судьялардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын билдирүүгө байланышкан маселелерди талкуулайт;

- тиешелүү курамдан Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасын, төраганын орун басарын жана жергиликтүү соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлайт;

- өз каалоосу боюнча, ошондой эле судьялардын ыйгарым укуктары токтогон же судьялар кызматынан бошогон учурларда Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттун төрагасын, төраганын орун басарын ээлеген кызматынан бошотот;

- соттун бюджетин түзүүдө жана аткарууда Судьялар кеңешине сунуш киргизет;

- судьяларды жана соттордун аппаратынын кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу боюнча сунуш киргизет;

- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамын түзүү үчүн судьялар коомдоштугунун ичинен талапкерлерди Судьялар кеңешине сунуштайт.

4. Соттордун чогулушу ага соттордун судьяларынын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда укуктуу деп эсептелет.

Судьялардын чогулушунун чечими соттун судьяларынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38, 2016-жылдын 25-июнундагы № 89, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202245/st-10)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202245/st-11)
