# 1-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202238)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.10.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202446)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202238/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3676/edition/594528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202238/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө, 1-статья (17.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202238/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 92-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 9-статья төмөнкүдөй мазмундагы 77-80-бөлүктөр менен толукталсын:

"77. "Трафик" - электр байланыштар тармагы боюнча берилүүчү билдирүүлөр жыйындысы:

78. "Роуминг" - көчмө байланыш оператору абонентке көрсөтүүчү көчмө байланыш кызматы, бул кызмат менен Кыргызстандын ичинде да, анын чегинен тышкары да анын аракеттенүү зонасынан көчмө байланыштын башка операторунун аракеттенүү зонасына которууда келишимдик мамиле болот;

79. "Тармактар аралык туташтыруу (интерконнект)" - бир кызмат көрсөтүүчүнүн абонентине башка кызмат көрсөтүүчүнүн абоненттери менен байланыш кызматын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү же башка кызмат көрсөтүүчү тарабынан көрсөтүлгөн кызматка жетүү үчүн бериле турган электр байланыш тармактарынын физикалык жана логикалык биригүүсү;

80. "Транзиттик трафик" - эгерде электр байланышынын булактары жана алуучулары башка электр байланыш тармагынын пайдалануучусу болуп саналса электр байланыш операторунун тармагы аркылуу өтүүчү трафик".

2. 26-глава төмөнкүдөй мазмундагы 142-2-статья менен толукталсын:

"142-2. Роуминг, тармактар аралык туташтыруу (интерконнект) кызматы жана эл аралык транзиттик трафик боюнча байланыш кызматы

Кыргыз Республикасынын байланыш операторлору тарабынан чет өлкөлүк байланыш операторлорунун абоненттерине роуминг, тармактар аралык туташтыруу (интерконнект) кызматын берүү, Кыргыз Республикасынын байланыш операторлору тарабынан эл аралык транзиттик трафик боюнча чет өлкөлүк байланыш операторлорунун абоненттерине байланыш кызматын берүү КНСтен бошотулган берүүлөр болуп эсептелет.".

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202238/st-2)
