# 6-берене. Батирде жашоонун тартиби

- Документ: [Кызматтык турак үй жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202232)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-мартындагы № 22 "Кызматтык турак үй жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.05.2012
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 мая 2012 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О служебном жилом доме"](https://aqlex.ai/kg/doc/203652)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202232#diff=464947..464948>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202232/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3670/edition/464947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202232/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызматтык турак үй жөнүндө, 6-берене (14.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202232/st-6

---

1. Жалдоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жашаган жери боюнча убактылуу катталууга;

2) өз каражаттарынын эсебинен коммуналдык кызматтар жана жалпы пайдалануудагы жайларды техникалык жактан тейлөөгө акы төлөөнү өз убагында жүргүзүүгө;

3) берилген батирде жашаган мезгилинде келтирилген зыяндын ордун толтурууга;

4) өзү же чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз менчигине Бишкек шаарынан же Бишкек шаарынан 20 чакырым аралыктагы калктуу конуштардан батир сатып алганы жөнүндө турак жай комиссиясына өз убагында кабарлоого.

2. Жалдоочу жана чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү ошондой эле төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жашаган кызматтык турак үйгө жана батирге аяр мамиле кылууга;

2) батирди анын арналышына ылайык пайдаланууга;

3) батирди пайдалануу эрежелерин сактоого;

4) батирдин сакталышы жөнүндө кам көрүүгө;

5) санитардык-техникалык жана башка жабдууларга, көрктөндүрүү объекттерине аяр мамиле кылууга:

6) ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча батирден он календарлык күндүн ичинде көчүп кетүүгө.

3. Жалдоочу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Иш башкармалыгы менен макулдашуу боюнча өз каражаттарынын эсебинен батирдин учурдагы ремонтун жүргүзүүгө, ошондой эле үйдүн тегерегиндеги аймакты көрктөндүрүүгө;

2) кызматтык үйдөгү жалпы көйгөйлөрдү чечүү үчүн башка жалдоочулар менен биригүүгө.

4. Жалдоочуга батирди кошумча ижарага берүүгө, аны кайра жабдууну жана кайра пландаштырууну жүргүзүүгө тыюу салынат.

5. Эгерде жалдоочу батирде туруктуу жашабаса, турак жай комиссиянын чечими боюнча аны менен көчүп кирген адамдар чыгарылууга тийиш.

(КР 2012-жылдын 14-майындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202232/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202232/st-7)
