# 3-берене. Батирлерди берүү тартиби

- Документ: [Кызматтык турак үй жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202232)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-мартындагы № 22 "Кызматтык турак үй жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.05.2012
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 мая 2012 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О служебном жилом доме"](https://aqlex.ai/kg/doc/203652)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202232#diff=464947..464948>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202232/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3670/edition/464947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202232/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызматтык турак үй жөнүндө, 3-берене (14.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202232/st-3

---

1. Депутат батир алуу үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына арыз менен кайрылат, ал аны батир берүүнүн негиздерин иликтөө үчүн Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгына жиберет.

2. Даярдалган материалдар Иш башкармалыгы тарабынан Жогорку Кеңештин турак жай комиссиясына (мындан ары - турак жай комиссиясы) жиберилет.

3. Турак жай комиссиясынын депутатка батир берүү жөнүндө чечиминин негизинде Жогорку Кеңештин Төрагасы тиешелүү тескеме чыгарат.

4. Үйгө отурукташтырууда депутаттардын арасында батирлерди бөлүштүрүү чүчүкулак боюнча жүргүзүлөт. Чүчүкулак жүргүзүүнүн тартиби турак жай комиссиясы тарабынан аныкталат.

Батирлерди андан ары бөлүштүрүү алардын бошогонуна жараша кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт.

5. Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемесинин жана турак жай комиссиясынын чечиминин негизинде Иш башкармалыгынын жана жалдоочулардын ортосунда батирди жалдоо келишими түзүлөт, анын негизинде отурукташтыруу жүргүзүлөт.

(КР 2012-жылдын 14-майындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202232/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202232/st-4)
