# 2-берене. Кызматтык турак үйдөн батирлерди алуу укугу

- Документ: [Кызматтык турак үй жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202232)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-мартындагы № 22 "Кызматтык турак үй жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.05.2012
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 мая 2012 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О служебном жилом доме"](https://aqlex.ai/kg/doc/203652)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202232#diff=464947..464948>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202232/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3670/edition/464947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202232/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызматтык турак үй жөнүндө, 2-берене (14.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202232/st-2

---

1. Кызматтык турак үйдөн батир алуу укугу анын же болбосо аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде Бишкек шаарында жана Бишкек шаарынан 20 чакырымга чейинки аралыктагы калктуу конуштарда турак жайы жок Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына (мындан ары - депутат) таандык.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) депутат болуп шайлангандан кийин жана депутаттык ишинин мезгилинде өзүнүн менчик укугуна тиешелүү болгон турак жайды жакын туугандарынын же үчүнчү жактардын пайдасына берип коюуну жүргүзгөн депутат кызматтык турак үйдөн батир алууга укугу жок.

(КР 2012-жылдын 14-майындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202232/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202232/st-3)
