# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 26-февралындагы № 16"Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 26-февралындагы № 16"Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.02.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3664/edition/464936/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 26-февралындагы № 16"Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы (26.02.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202226

---

Бишкек шаары

2008-жылдын 26-февралы № 16

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор

жана өзгөртүү киргизүү тууралу

2008-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202226/st-1)

"Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2007-жылдын 22-майы)

төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толук-

талсын:

"6) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик;

7) кайрылууларды кароонун контролго алынуусу жана отчеттуулугу.".

2. 7-статьяда:

1-бөлүгүндөгү "жарандарды" деген сөздөн кийин "жумасына бир жолу-

дан кем эмес" деген сөздөр менен толукталсын;

статья төмөнкү мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:

"7. Республиканын алыскы региондорунан келишкен жарандар кезексиз

кабыл алынуу укугуна ээ.".

3. 9-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"6. Эгерде кайрылуунун текстин окууга мүмкүн болбосо, анда аталган

кайрылууну карап жаткан жетекчи же адам кайрылуунун мањызын жана

жүйөлөрүн тактоо жана билүү үчүн (эгерде арыз берүүчүнүн фамилиясын жа-

на почта дарегин окууга мүмкүн болсо) арыз берүүчүнү чакырат. Ошону ме-

нен бирге арызды карап жаткан жетекчи же адам арыз берүүчү менен байла-

ныша албай калса, кайрылууну андан ары кароо токтотулат, бул тууралу

арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202226/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
