# 1-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202225)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 14-февралындагы № 14 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 14.02.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202225/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3663/edition/719838/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202225/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу, 1-статья (16.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202225/st-1

---

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо- горку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөндөгүдөй өз- гөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл текстиндеги, "Жергиликтүү бюджеттердин киреше-

лери" деген 33-статьянын е) пунктун кошпогондо, ар түрдүү жөндөмөдөгү "айыл, шаарча жана шаар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "айыл, шаар- ча, шаар жана район" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 21-статьянын 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резерв-

дик фонду" деген сөздөрдөн кийин "жана ошондой эле мамлекеттик админис- трация башчыларынын резервдик фонддору" деген сөздөр менен толукталсын.

3. 33-статьяда:

1-бөлүктүн биринчи абзацындагы "Жергиликтүү бюджетке" деген сөздөр "Айылдын, шаарчанын жана шаардын жергиликтүү бюджетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Райондордун жергиликтүү бюджетине:

а) жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөр;

б) райондогу мүлктү башкаруудан жана тескөөдөн түшкөн кирешелер;

в) райондук мекемелердин акы алып көрсөтө турган кызматтарынан жа-

на райондук кењеш тарабынан бекитилүүчү реестрге ылайык аткарылуучу кызматтарынан кирешелери;

г) администрациялык айыптар жана башка санкциялар;

д) гранттар, трансферттер, ыктыярдуу төлөмдөр келип түшөт.".

4. 37-статьянын 4-бөлүгү "өз алдынча башкаруу органдарынын" деген

сөздөрдөн кийин "(райондук, шаардык, шаарчалык жана айылдык)" деген сөздөр менен толукталсын.

5. 40-статьянын 5-бөлүгүнүн 4-пунктундагы "областтар, Бишкек жана

Ош шаарлары" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. 42-статьянын 2-бөлүгүнүн "а" пунктунун бешинчи абзацындагы "об-

ласттар, Бишкек жана Ош шаарлары" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

7. 46-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен то-

лукталсын: "Жергиликтүү бюджеттерди бекитүү жана аткаруу жергиликтүү бюджет- терди тењдештирүү принцибинде ишке ашырылат, анда каралган чыгымдардын көлөмү бюджеттин кирешелеринин суммардык көлөмүнө ылайык келүүгө тийиш. Бюджеттик жыл ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз бюджетинин балансын камсыз кылууга тийиш.".

8. 47-статьяда:

1-бөлүктөгү "структуралык" деген сөз "аймактык" деген сөз менен алмаштырылсын; 4-бөлүктөгү "ал эми Бишкек жана Ош шаарлары" деген сөздөр "ал эми райондук, областтык, республикалык маанидеги шаарлар" деген сөздөр ме- нен алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [Статья 2](https://aqlex.ai/kg/doc/202225/st-2)
