Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-05-16.
КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары 2008-жылдын 14-февралы № 14
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
2008-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо- горку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөндөгүдөй өз- гөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл текстиндеги, "Жергиликтүү бюджеттердин киреше-
лери" деген 33-статьянын е) пунктун кошпогондо, ар түрдүү жөндөмөдөгү "айыл, шаарча жана шаар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "айыл, шаар- ча, шаар жана район" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 21-статьянын 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резерв-
дик фонду" деген сөздөрдөн кийин "жана ошондой эле мамлекеттик админис- трация башчыларынын резервдик фонддору" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 33-статьяда:
1-бөлүктүн биринчи абзацындагы "Жергиликтүү бюджетке" деген сөздөр "Айылдын, шаарчанын жана шаардын жергиликтүү бюджетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Райондордун жергиликтүү бюджетине:
а) жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөр;
б) райондогу мүлктү башкаруудан жана тескөөдөн түшкөн кирешелер;
в) райондук мекемелердин акы алып көрсөтө турган кызматтарынан жа-
на райондук кењеш тарабынан бекитилүүчү реестрге ылайык аткарылуучу кызматтарынан кирешелери;
г) администрациялык айыптар жана башка санкциялар;
д) гранттар, трансферттер, ыктыярдуу төлөмдөр келип түшөт.".
4. 37-статьянын 4-бөлүгү "өз алдынча башкаруу органдарынын" деген
сөздөрдөн кийин "(райондук, шаардык, шаарчалык жана айылдык)" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 40-статьянын 5-бөлүгүнүн 4-пунктундагы "областтар, Бишкек жана
Ош шаарлары" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 42-статьянын 2-бөлүгүнүн "а" пунктунун бешинчи абзацындагы "об-
ласттар, Бишкек жана Ош шаарлары" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 46-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен то-
лукталсын: "Жергиликтүү бюджеттерди бекитүү жана аткаруу жергиликтүү бюджет- терди тењдештирүү принцибинде ишке ашырылат, анда каралган чыгымдардын көлөмү бюджеттин кирешелеринин суммардык көлөмүнө ылайык келүүгө тийиш. Бюджеттик жыл ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз бюджетинин балансын камсыз кылууга тийиш.".
8. 47-статьяда:
1-бөлүктөгү "структуралык" деген сөз "аймактык" деген сөз менен алмаштырылсын; 4-бөлүктөгү "ал эми Бишкек жана Ош шаарлары" деген сөздөр "ал эми райондук, областтык, республикалык маанидеги шаарлар" деген сөздөр ме- нен алмаштырылсын.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиз- дери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2004-ж., № 2, 65-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү- лөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбуладагы "айылдын, шаарчанын жана шаардын" деген сөздөр
"айылдын, шаарчанын, шаардын жана райондун" деген сөздөр менен алмашты- рылсын.
2. 1-статьянын 3-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жергиликтүү бюджет - айылдын, шаарчанын, шаардын жана райондун жергиликтүү коомдоштугунун бюджети, алардын түзүлүшүн, бекитилишин жана аткарылышын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат.".
3. 13-статьянын 5-пунктунда:
1-пунктчасындагы:
- "15-майга" деген сөздөр "25-майга" деген сөздөр менен алмашты-
рылсын;
- "областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын финансы органдарына"
деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө, райондук, областтык, республикалык маанидеги шаарларга" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-пунктча алып салынсын; 3-пунктчада:
- "райондордун финансы органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республика-
сынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөр менен ал- маштырылсын;
- "жана райондук маанидеги шаарлардын" деген сөздөр алып салынсын;
4-6-пунктчалардагы "областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын" де- ген сөздөр "райондордун, райондук, областтык, республикалык маанидеги шаарлардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 7-пунктча алып салынсын; 8-бөлүкчө төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "8) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүм- дөрү кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган максаттуу көрсөткүчтөр- дү, жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн ченемдерин жана жерги- ликтүү бюджеттерге, айыл өкмөтүнө чейин бөлүштүрүлүүчү категориалдык жана тењдөөчү гранттардын өлчөмдөрүн кабарлайт;"; 3-9-пунктчалар 2-7-пунктчалар деп эсептелсин.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла- йык келтирсин.
4-статья.
Ушул Мыйзам 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (12)
- Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2015-жылдын 15-июнундагы № 30 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө Мыйзамынын (Кыргыз…Постановление · 15.06.2015 · № 30
- Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2015-жылдын 28-июлундагы № 31 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө Мыйзамынын (Кыргыз…Постановление · 28.07.2015 · № 31
- Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2016-жылдын 19-февралындагы № 38/2 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө Мыйзамынын (Кыргыз…Постановление · 19.02.2016 · № 38/2
- Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2016-жылдын 19-февралындагы № 38/2/1 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө Мыйзамынын…Постановление · 19.02.2016 · № 38/2/1
- Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2017-жылдын 13-февралындагы № 3/2/1 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө Мыйзамынын (Кыргыз…Постановление · 13.02.2017 · № 3/2/1
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 16.05.2016 · № 60
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 14-январы № 59-IV "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун…Постановление · 14.01.2008 · № 59-IV
- Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2015-жылдын 18-майындагы № 29/1 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө Мыйзамынын (Кыргыз…Постановление · 25.05.2015 · № 29/1
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- О финансово-экономических основах местного самоуправленияЗакон · 25.09.2003 · № 215 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 614 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин ишке киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору…Постановление · 12.09.2012 · № 614 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-октябрындагы № 718 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана…Постановление · 15.10.2012 · № 718 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 16.05.2016 · № 60
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- О финансово-экономических основах местного самоуправленияЗакон · 25.09.2003 · № 215 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Боо-Терек айылдык кеңешинин 2013-жылдын 27-мартындагы № 3 «Боо-Терек айыл окмотунун 2013 жылга жергиликтуу бюджетин жана 2014-2015 жылдарга жергиликтуу бюджетинин болжолдуу…Постановление · 27.03.2013 · № 3
- Найман айылдык кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № XXVIII-3 "Найман айылдык кеңешинин 2016-жылга иш планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.02.2016 · № XXVIII-3
- Боо-Терек айылдык кенешинин 2011-жылдын 15-апрелиндеги № 2 «Боо-Терек айыл округунун 2011-жылга жергиликтүү бюджеттин проектисин бекитүү жөнүндө» токтомуПостановление · 15.04.2011 · № 2
- Кара-Кулджа райондук кеңеши 2011-жылдын 20-апрелиндеги №15/1 "Депутаттардын Кара-Кулжа райондук кеңешинин 2011-жылдын 5-апрелинде кабыл алган «Кара-Кулжа районунун 2010-жылдагы…Постановление · 20.04.2011 · № 15/1