# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-февралындагы № 6 "2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-февралындагы № 6 "2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3655/edition/329397/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202217.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-февралындагы № 6 "2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жөнүндө" мыйзамы (21.01.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202217

---

Бишкек шаары

2008-жылдын 5-февралы № 6

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2008-жылга Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун бюджети жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын

2009-жылдын 21-январындагы № 13 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202217/st-1)

2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети N 1

тиркемеге ылайык кирешелер боюнча 9839,3 млн. сом суммасында жана чыга-

шалар боюнча 9674,4 млн. сом суммасында жана бюджеттин жогорку дефицити

164,9 млн. сом суммасында бекитилсин, анын ичинде:

Пенсиялык фонд - кирешелер боюнча 9330,1 млн. сом суммасында жана

чыгашалар боюнча 9165,2 млн. сом суммасында;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - кирешелер боюнча

456,5 млн сом суммасында жана чыгашалар боюнча 509,2 млн. сом суммасын-

да.

(КР 2009-жылдын 21-январындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылай-

ык)

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202217/st-2)

2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин

киреше бөлүгү социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрдүн жана республика-

лык бюджеттен трансферттердин эсебинен 9839,3 млн. сом суммасында түзү-

лөрү аныкталсын, анын ичинде фонддор боюнча:

Пенсиялык фонд - 9330,1 млн. сом;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - 509,2 млн. сом.

(КР 2009-жылдын 21-январындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылай-

ык)

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202217/st-3)

2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык

бюджеттен 1704,1 млн. сом суммасында каржылоо бекитилсин, анын ичинде:

аскер кызматчыларынын пенсиясына (Кыргыз Республикасынын Ички иш-

тер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыр-

гыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз

Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын жана башкалардын пенсио-

нерлерине) жана аскер кызматчыларын мамлекеттик милдеттүү жеке камсыз-

дандырууга - 406,2 млн. сом;

пенсияларга (көп балалуу энелерге жана бийик тоолуу шарттарда иш-

тегендиги үчүн) жана майыптардын, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучу-

ларынын жана башкалардын пенсияларына үстөктөр - 823,0 млн. сом;

пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөөлөргө -

474,9 млн. сом.

(КР 2009-жылдын 21-январындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылай-

ык)

### [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202217/st-4)

Пенсиялык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду-

нун чыгымдарынын статьяларын каржылоо төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бекитилсин:

- Пенсиялык фонддун каражаттары боюнча - 9165,2 млн. сом;

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттары боюнча

- 509,2 млн. сом.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2007-жылдагы 9,7

млн.сом суммасында карызы 2008-жылы Пенсиялык фонддун каражатынын эсе-

бинен жоюулары белгиленсин.

(КР 2009-жылдын 21-январындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылай-

ык)

### [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202217/st-5)

2008-жылга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгымда-

рынын статьяларын каржылоо N 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

### [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202217/st-6)

2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин

чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө камсыздандыруу төгүмүнөн түшкөн киреше-

лердин жана башка булактардан алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө

тургандыгы белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду чогултулган каражаттардын

тиешелүү камсыздандыруу фонддоруна өз учурунда которулушу үчүн жоопкер-

чилик тарта тургандыгы белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун администрациялык чыгым-

дары келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмүнүн 3 пайызынан аш-

паган өлчөмүндө түзүлөрү жана өткөн финансылык жыл үчүн Кыргыз Респуб-

ликасынын Социалдык фондунун администрациялык чыгымдарына каралган пай-

даланылбаган каражаттарды пайдалануу укугу менен сарптала тургандыгы

белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бюджетти аткаруу процессин-

де төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:

- эгерде бул Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин

киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-статьясында бе-

китилген сумманын чектеринде ушул Мыйзамдын N 1 жана 2-тиркемелерине

өзгөртүү киргизүүгө;

- кошумча келип түшүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чектеринде

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин чыгаша бөлүгүнө

өзгөртүү киргизүүгө.

Киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши та-

рабынан бекитилет.

(КР 2009-жылдын 21-январындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылай-

ык)

### [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202217/st-7)

1-январдан 31-декабрды кошо алгандагы убакыт бюджеттик жыл деп

эсептеле тургандыгы белгиленсин Эсептөө мезгили финансылык жылды жана

ал аяктагандан кийинки мезгилди камтыйт, ал бир айдан ашпайт, анын

ичинде пенсиялык милдеттенмелерди кошпогондо, отчеттук жыл үчүн бюджет-

ти аткаруунун алкагында кабыл алынган милдеттенмелер боюнча операциялар

аякталат Бюджет боюнча операцияларды аяктоонун белгилүү мөөнөтү жыл са-

йын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Башкармасы тарабынан

аныкталат.

### [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202217/st-8)

Ушул Мыйзам 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

2008-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

2008-жылга Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун бюджети жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөр жана толуктоо

киргизүү тууралу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

N 1 тиркеме

2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун

БЮДЖЕТИ

(Кыргыз Республикасынын

2009-жылдын 21-январындагы № 13 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

(млн.сом)

|  | Позициянын N | 2008-жылга |
| --- | --- | --- |
|  |  | такталган |
|  |  | бюджет |
| БАРДЫК КИРЕШЕЛЕР | 1 | 9839,3 |
| ИДПга карата % менен | 2 | 6,2 |
| Пенсиялык фондго | 3 | 9330,1 |
| Милдеттүү медициналык камсыздандыруу | 4 | 509,2 |
| фондуна |  |  |
| анын ичинде: |  |  |
| I. Бардык камсыздандыруу төгүмдөрү | 5 | 7995,2 |
| Пенсиялык фондго | 6 | 7486,0 |
| Милдеттүү медициналык камсыздандыруу | 7 | 509,2 |
| фондуна |  |  |
| анын ичинде: |  |  |
| камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү | 8 | 7995,2 |
| жумуш берүүчүдөн | 9 | 5953,5 |
| Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 10 | 5444,3 |
| Милдеттүү медициналык камсыздандыруу | 11 | 509,2 |
| фондуна чегерүүлөр |  |  |
| кызматкерден | 12 | 2041,7 |
| Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 13 | 2041,7 |
| 1. Өнөр жай жана башка ишканалар | 14 | 4487,1 |
| менен уюмдардын камсыздандыруу |  |  |
| төгүмдөрү |  |  |
| жумуш берүүчүдөн | 15 | 3157,6 |
| Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 16 | 2835,1 |
| Милдеттүү медициналык камсыздандыруу | 17 | 322,5 |
| фондуна чегерүүлөр |  |  |
| кызматкерден | 18 | 1329,5 |
| Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 19 | 1329,5 |
| 2. Бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу | 20 | 2374,1 |
| төгүмдөрү |  |  |
| жумуш берүүчүдөн | 21 | 1670,7 |
| Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 22 | 1500,0 |
| Милдеттүү медициналык камсыздандыруу | 23 | 170,7 |
| фондуна чегерүүлөр |  |  |
| кызматкерден | 24 | 703,4 |
| Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 25 | 703,4 |
| 3. Айыл чарбасынын уюмдашкан | 26 | 28,6 |
| секторунун камсыздандыруу |  |  |
| төгүмдөрү |  |  |
| жумуш берүүчүдөн | 27 | 20,2 |
| Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 28 | 18,2 |
| Милдеттүү медициналык камсыздандыруу | 29 | 2,0 |
| фондуна чегерүүлөр |  |  |
| кызматкерден | 30 | 8,4 |
| Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 31 | 8,4 |
| 4. Фермер, дыйкан чарбаларынын | 32 | 179,6 |
| камсыздандыруу төгүмдөрү |  |  |
| Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 33 | 165,6 |
| Милдеттүү медициналык камсыздандыруу | 34 | 14,0 |
| фондуна чегерүүлөр |  |  |
| 5. Жеке ишкердик жүргүзгөндөрдүн | 35 | 122,0 |
| камсыздандыруу төгүмдөрү |  |  |
| Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 36 | 122,0 |
| Милдеттүү медициналык камсыздандыруу | 37 |  |
| фондуна чегерүүлөр |  |  |
| 6. Жењилдик берилген уюмдардын | 38 | 3,8 |
| камсыздандыруу төгүмдөрү |  |  |
| жумуш берүүчүдөн | 39 | 3,4 |
| Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 40 | 3,4 |
| Милдеттүү медициналык камсыздандыруу | 41 |  |
| фондуна чегерүүлөр |  |  |
| кызматкерден | 42 | 0,4 |
| Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 43 | 0,4 |
| Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыл | 44 | 7195,2 |
| ичиндеги бардык түшүүлөрү |  |  |
| жумуш берүүчүдөн | 45 | 5153,5 |
| Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 46 | 4644,3 |
| Милдеттүү медициналык камсыздандыруу | 47 | 509,2 |
| фондуна чегерүүлөр |  |  |
| кызматкерден | 48 | 2041,7 |
| Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 49 | 2041,7 |
| 7. Өткөн жылдардагы камсыздандыруу | 50 | 800,0 |
| төгүмдөрү боюнча карыздардын |  |  |
| түшүшү |  |  |
| II. Башка кирешелер (дивиденддер жана | 51 | 140,0 |
| башкалар) |  |  |
| III. Республикалык бюджеттен түшүүлөр | 52 | 1704,1 |
| анын ичинде: |  |  |
| электр энергиясына компенсация | 53 | 474,9 |
| аскер кызматчыларынын пенсиялары жана | 54 | 406,2 |
| камсыздандыруулары |  |  |
| пенсиялар жана пенсияларга кошумча | 55 | 823,0 |
| төлөөлөр |  |  |
| БАРДЫК ЧЫГАШАЛАР | 56 | 9674,4 |
| ИДПга карата % менен | 57 | 6,1 |
| I. Пенсиялык каражаттар боюнча | 58 | 9165,2 |
| пенсиялар | 59 | 7599,8 |
| электр энергиясына компенсация | 60 | 469,8 |
| жеткирүү боюнча чыгымдар | 61 | 119,6 |
| банктык тейлөөгө кетүүчү чыгымдар | 62 | 39,4 |
| аскер кызматчыларынын пенсиялары жана | 63 | 450,6 |
| камсыздандыруулары |  |  |
| сөөк коюу пособиеси | 64 | 112,8 |
| персоналдаштырылган эсепке алуу | 65 | 20,0 |
| боюнча чыгымдар |  |  |
| Социалдык фонддун администрациялык | 66 | 293,5 |
| чыгамдары |  |  |
| ФОМСтын алдындагы карызды жабууга | 67 | 9,7 |
| чыгымдар |  |  |
| башка чыгымдар | 68 | 50,0 |
| II. Милдеттүү медициналык | 69 | 509,2 |
| камсыздандыруу фондуна |  |  |
| дефицит (-), профицит (+) | 70 | 164,9 |
| Пенсиялык фондго | 71 | 164,9 |
| Милдеттүү медициналык камсыздандыруу | 72 | 0,0 |
| фондуна |  |  |
| ИДП | 73 | 158000,0 |

2008-жылга Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун бюджети жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөр жана толуктоо

киргизүү тууралу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

N 2 тиркеме

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду

(Кыргыз Республикасынын

2009-жылдын 21-январындагы № 13 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

(млн.сом)

|  | Позициянын N | 2008-жылга |
| --- | --- | --- |
|  |  | такталган |
|  |  | бюджет |
| Бардык кирешелер | 1 | 518,9 |
| анын ичинде: |  |  |
| I. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү | 2 | 509,2 |
| өнөр жай жана башка ишканалар менен | 3 | 322,5 |
| уюмдардан |  |  |
| бюджеттик уюмдардан | 4 | 170,7 |
| айыл чарбасынын уюмдашкан секторунан | 5 | 2,0 |
| фермер, дыйкан чарбаларынан | 6 | 14,0 |
| II. Өткөн жылдар үчүн карыздарды | 7 | 9,7 |
| жабуу |  |  |
| Бардык чыгымдар | 8 | 518,9 |
| анын ичинде: |  |  |
| I. Медициналык кызматтарды каржылоо | 9 | 477,4 |
| II. Администрациялык чыгымдар | 10 | 35,0 |
| III. Маалыматтык камсыздоого кеткен | 11 | 4,0 |
| чыгымдар |  |  |
| IV. Саламаттык сактоону өнүктүрүү | 12 | 2,5 |
| фондусуна |  |  |
| Бюджеттин дефицити (-), профицити (+) | 13 | 0,0 |
