# 239-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202212)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202212/st-239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3650/edition/340529/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202212/st-239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу, 239-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202212/st-239

---

Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктары Жогорку Кењештин ый-

гарым укуктарынын токтотулушу менен бир мезгилде токтотулат.

Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурларда

мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

1) ал депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу жөнүндө жазуу жү-

зүндө арыз бергенде;

2) жарандыктан чыкканда, жарандыгын жоготкондо же башка жарандыкты

кабыл алганда;

3) башка ишке өткөндө же депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга

шайкеш келбеген ишин таштабаганда;

4) шайлоолор жараксыз деп табылганда;

5) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаганга чыгып

кеткенде;

6) сот тарабынан депутат аракетке жөндөмсүз деп табылганда;

7) аны дайынсыз жок болду, кайтыш болду, же депутатты өлдү деп жа-

рыялоо жөнүндөгү соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

8) депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө кир-

генде;

9) Жогорку Кењештин жыйналыштарына бир сессиянын ичинде 30 же ан-

дан коп жумуш күнү себепсиз катышпаганда;

10) мыйзамга ылайык өзү шайланган саясий партиядан депутат чыккан-

да же чыгарылганда;

11) мыйзамга ылайык депутат болуп шайланган саясий партиянын иши

токтотулганда.

Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда

токтотуу белгиленген тартипте негиз пайда болгон күндөн тартып 30 ка-

лендардык күндөн кечиктирилбестен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын чечими

менен жүзөгө ашырылат.".

---

Мурунку берене: [224-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202212/st-224)  
Кийинки берене: [240-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202212/st-240)
