224-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Жогорку Кењеш депутаттардын жалпы
санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен Кыргыз Республикасынын Пре-
зидентин кызматтан четтетүү үчүн мамлекеттик чыккынчылык кылгандыгы же
башка өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы боюнча ага каршы күнөө коюу жөнүндө
жашыруун добуш менен токтом кабыл алат.
Жогорку Кењеш бул токтомду Кыргыз Республикасынын Президентинин
иш-аракеттеринде кылмыштын белгилеринин бар экендиги жөнүндө корутунду
алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана айып коюу-
нун белгиленген тартиби сакталгандыгы жөнүндө корутунду алуу үчүн Кыр-
гыз Республикасынын Конституциялык сотуна үч күндүк мөөнөттө жөнөтөт.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республика-
сынын Конституциялык соту Жогорку Кењеш тарабынан берилген токтомду жа-
на башка документтерди карашат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын-
да белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө өз корутундуларын беришет.
Эгерде Кыргыз Республикасынын Президентине каршы айып коюу жөнүн-
дөгү сунуш депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлү-
гүнүн колдоосуна алынбаса, Жогорку Кењеш айып коюудан баш тартуу жөнүн-
дө токтом кабыл алат.".
125. 225-статьядагы "менен комиссияларындагы" деген сөздөр "менен
убактылуу комиссияларындагы, депутаттык фракцияларындагы" деген сөздөр
менен алмаштырылсын.
126. 227-статьяда:
биринчи бөлүктүн 2-пунктундагы "комиссиялардагы, округдардагы" де-
ген сөздөр "убактылуу комиссиялардагы, депутаттык фракциялардагы" деген
сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү бөлүктөгү "шайлоо округунда" деген сөздөр "шайлоочулар ме-
нен" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
127. 228-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "депутаттын, комитеттин, ко-
миссиялардын, депутаттык бирикмелердин (фракциялардын, депутаттык топ-
тордун)" деген сөздөр "комитеттин, убактылуу комиссиянын, депутаттык
фракциянын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
128. 229-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"229-статья.
Депутаттын Жогорку Кењештин жана өзү шайланган анын комитеттери
менен убактылуу комиссияларынын жыйналыштарына, депутаттык фракциялар-
дын жыйналыштарына катышпай калуусуна жүйөлүү себептер боюнча гана жол
берилет.
Депутаттын Жогорку Кењештин же анын комитеттери менен убактылуу
комиссияларынын, депутаттык фракциялардын тапшырмаларын аткаруусу,
эгерде мындай тапшырмалар жөнүндө алар тарабынан тийиштүү чечимдер ка-
был алынса, алардын Жогорку Кењештин же анын комитеттери менен убакты-
луу комиссияларынын, депутаттык фракциялардын жыйналыштарынын расписа-
ниесине ылайык өткөрүлүүчү жыйындарына катышпай калуусуна негиз болуп
саналат.
Демейдеги жагдайларда депутаттын катышпай калышына жүйөлүү себеп-
тер катары төмөндөгүлөр саналат ооруп калгандыгына байланыштуу убакты-
луу эмгекке жарамсыздыгы, туугандарынын (биринчи, экинчи кезектегилер)
өлүмү, иш сапарында болуш), жазуу жүзүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик
аземдерге жана расмий кабыл алууларга, семинарларга, конференцияларга
жана башка иш-чараларга катышуусу, документ менен тастыкталган транс-
порттук тоскоолдуктар.
Ушул статьяда көрсөтүлгөндөн тышкаркы ар бир учурда депутаттын ка-
тышалбай калышынын себебин жүйөлүү деп табуу комиссия тарабынан чечи-
лет.".
129. 230-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндал-
сын:
"Бир же кийинки бир нече жыйналышка катыша албай турган депутат
себептерин көрсөтүү менен алдын ала бул тууралу жазуу жүзүндө депутат-
тык фракциянын лидерине, ал эми комитеттин же убактылуу комиссиянын
жыйналышына катышууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, ошол комитеттин же убак-
тылуу комиссиянын төрагасына кабарлап коюшу керек Депутат тарабынан бул
коюлган талап аткарылбаган учурда ал бул тууралу тийиштүү комитетке жа-
зуу жүзүндө түшүндүрмө берет.".
130. 232-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку Кењештин депутатын кылмыш, ошондой эле сот тартибинде са-
лынуучу административдик жоопкерчиликке тартууга, ал тарабынан өзгөчө
оор кылмыштарды жасалганды кошпогондо, Жогорку Кењештин макулдугу менен
гана жол берилет.
131. 235-статьянын алтынчы бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндал-
сын:
"Депутатты жазык жоопкерчилигине, ошондой эле сот тартибинде салы-
нуучу административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берүүдөн Жогор-
ку Кењештин баш тартышы кылмыш иши боюнча ушул депутатка карата өндү-
рүштү же сот тартибинде салынуучу административдик жоопкерчиликти кара-
ган укук бузуулар боюнча өндүрүштү жокко чыгарган жагдай болуп сана-
лат.".
132. 41-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жо-
горку Кењештин таратуунун жана өзүн өзү таратышынын тартиби".
133. 237-статья төмөнкүдөй реакцияда баяндалсын:
"237-статья.
Президент Жогорку Кењешке төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда
шайлоо дайындайт.
Жогорку Кењеш өзүн өзү таратканда,
эгерде Жогорку Кењеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституция-
сында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Пре-
зидентине Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына талапкер
көрсөтүлбөсө;
эгерде Жогорку Кењеш үч айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмө-
түнө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечимди кайталап кабыл алса.
Жогорку Кењеш өзүн өзү таратуу жөнүндөгү чечим боюнча таратылышы
мүмкүн. өзүн өзү таратуу жөнүндөгү чечим Жогорку Кењештин депутаттары-
нын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен кабыл
алынышы мүмкүн.
134. 238-статья алып салынсын.
135. 42-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"42-глава
Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктарын
мөөнөтүнөн мурда токтотуунун тартиби
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
224-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202212/st-224" title="224-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>