203-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программасынын
долбоорлору (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү та-
рабынан Жогорку Кењешке киргизилет.
Жогорку Кењештин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү киргизген
социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программасынын дол-
боорлор алдын ала кароо жана алар боюнча корутундуларды даярдоо үчүн
Жогорку Кењештин бардык комитеттерине жөнөтөт.
Жогорку Кењештин комитеттери өздөрүнүн сын-пикирлери жана сунушта-
ры менен Жогорку Кењештин токтомунун жалпыланган долбоорун даярдашат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү киргизген социалдык-экономикалык
өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программасынын долбоорлору боюнча материал-
дар сын-пикирлер жана сунуштар менен бирге депутаттарга таратылып бери-
лет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү киргизген социалдык-экономикалык
өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программасын Жогорку Кењеш депутаттардын
жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жактырат.".
118. 210-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"210-статья.
Тиешелүү комитеттин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин ыйгарым укуктуу өкүлү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн турук-
туу өкүлү, коргоо, коопсуздук, тышкы иштер, юстиция маселелери боюнча
иш алып барышкан мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле Кыр-
гыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин жана башка кызыкдар органдар-
дын өкүлдөрү чакырылат.
Тиешелүү комитеттин корутундусу мыйзам долбоору комитетке жөнөтүл-
гөн учурдан тартып 3 күндөн ашпаган мөөнөттө даярдалышы керек.".
119. 211-статьяда:
биринчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Президентинин кайрылуу-
су" деген сөздөр "мыйзам долбоору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку Кењеш өзүнүн жыйналышына Кыргыз Республикасынын Президен-
тин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин, Кыргыз Республикасынын
Коргоо министрин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы шта-
бынын начальнигин, коргоо, коопсуздук, тышкы иштер, юстиция маселелери
боюнча иш алып барышкан мамлекеттик органдардын жетекчилерин, ошондой
эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кењешинин жана башка кызыкдар ор-
гандардын өкүлдөрүн чакырат.".
120. 213-статьяда:
экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде бул маселе боюнча мыйзам Жогорку Кењештин депутаттарынын
жалпы санынын көпчүлүгүнүн колдоосуна алынбаса, анда Кыргыз Республика-
сынын Куралдуу Күчтөрү республиканын аймагынан тышкары пайдаланылбайт,
бул Жогорку Кењештин токтому менен жол-жоболоштурулат";
экинчи бөлүктөгү "эки күндүн" деген сөздөр "бир күндүн" деген
сөздөр менен алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Кабыл алынбаган мыйзам долбоору Жогорку Кењешке бир жыл өткөндөн
кийин кайталап киргизилиши мүмкүн.".
121. 214-статьяда:
биринчи бөлүк "атайын наамдарын" деген сөздөрдөн кийин "мыйзам
түрүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн" деген сөздөр
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашылган Кыргыз Республикасы-
нын Президентинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы алдын ала Жогор-
ку Кењештин тиешелүү комитетинде каралат жана каралгандан кийин Жогорку
Кењештин жыйналышынын кароосуна киргизилет, ал эми бул маселе боюнча
Жогорку Кењеш депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим
кабыл алат.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аскердик жана атайын наамдарын, дипломати-
ялык рангдарын жана класстык чендерин ыйгаруунун тартиби Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдары менен аныкталат.".
122. 35-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35-глава
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын
жана ардак наамдарын белгилөө
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
203-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202212/st-203" title="203-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>