# 188-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202212)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202212/st-188>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3650/edition/340529/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202212/st-188.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу, 188-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202212/st-188

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөсүнө ишеним көрсөтпөө

Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жа-

шыруун добуш берүү аркылуу жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы боюнча токтом ка-

был алынат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөсүнө Жогорку Кењеш та-

рабынан ишеним көрсөтүлбөгөн учурда Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүн отставкага жиберүү тууралу че-

чим кабыл алууга же Жогорку Кењештин чечими менен макул болбоого укук-

туу.

Эгерде Жогорку Кењеш 6 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-

нүн мүчөсүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайталап чечим кабыл алса, Кыргыз

Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсүн отстав-

кага жиберүүгө милдеттүү.".

112. 194-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"194-статья.

Республикалык бюджеттин долбоорун биринчи окууга коюу үчүн Жогорку

Кењештин тийиштүү комитеттеринде жана депутаттык фракцияларында кароо

20 күндүн ичинде бүтүрүлүшү керек жана алардын корутундулары бюджет ма-

селесин тейлеген комитетке жиберилиши керек.

"Бюджет маселесин тейлеген комитет 10 күндүн ичинде республиканын

бюджетинин киреше бөлүгүн тактоо боюнча Жогорку Кењештин башка комитет-

теринин корутундуларын эске алуу менен келерки жылга "Кыргыз Республи-

касынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-

нын долбоорун Жогорку Кењештин кароосуна киргизет.".

113. 195-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"195-статья.

"Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамынын долбоорунун республикалык бюджеттин кирешелер

бөлүгү боюнча биринчи окууда кароонун жыйынтыгы боюнча Жогорку Кењеш

республикалык бюджеттин долбоорунун төмөндөгү негизги параметрлери бо-

юнча токтом кабыл алат:

- республикалык бюджеттин кирешелеринин ички дүњ продуктуга (ИДП)

карата салыштырма салмагы жана алардын абсолюттук суммасы;

- республикалык бюджеттин чыгашаларынын ИДПга карата салыштырма

салмагы жана алардын абсолюттук суммасы;

- республикалык бюджеттин тењдемсиз (дефицитинин) өлчөмү ИДПга ка-

рата абсолюттук сан жана пайыз менен:

- бюджеттин тартыштыгын жабуунун булактары.".

114. 196-статьянын экинчи абзацындагы "депутаттарынын" деген сөз

"депутаттык фракцияларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

115. 199-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"199-статья.

Жогорку Кењеш экинчи окууда "Кыргыз Республикасынын республикалык

бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун респуб-

ликалык бюджеттин чыгашаларынын түрлөрү боюнча бюджеттик квалификацияга

ылайык бөлүмдөргө, топторго, топчолорго бөлүп карайт жана токтом кабыл

алат.

Үчүнчү окууда мыйзамдын долбоорун статьялар боюнча кароонун жыйын-

тыгы боюнча Жогорку Кењеш "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө токтом ка-

был алат.".

116. 201-статьядагы "комитеттин корутундусу" деген сөздөрдөн кийин

"депутаттык фракциялардын лидерлеринин чыгып сүйлөгөн сөздөрү" деген

сөздөр менен толукталсын.

117. 31-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"31-глава

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү киргизген

социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жалпы

мамлекеттик программасын бекитүү

---

Мурунку берене: [187-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202212/st-187)  
Кийинки берене: [203-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202212/st-203)
