18-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Депутаттык фракциялар төмөнкүлөр боюнча сунуш киргизүүгө укуктуу:
1) Жогорку Кењештин жыйналышынын күн тартиби;
2) Жогорку Кењештин комитеттерин жана убактылуу комиссияларын,
ошондой эле парламенттик делегацияларды дайындоо, өзүнүн өкүлдөрүн Жо-
горку Кењештеги пропорционалдуу өкүлчүлүгүн эсепке алуу менен алардын
курамына шайлоо же кайра чакыртып алуу маселелери;
3) Жогорку Кењештин карамагына таандык маселелер боюнча Жогорку
Кењештин, анын ичинде саясый мүнөздөгү маселелер боюнча токтом долбоор-
лору;
4) комиссияларды, ошондой эле иштин аргандай тармактары боюнча жу-
мушчу топторду жана эксперттер топторун түзүү;
5) парламенттик угууларды өткөрүүгө демилге көтөрүү;
6) ушул Мыйзамда белгиленген башка маселелер боюнча сунуштарды
киргизүүгө укуктуу.
Депутаттык фракцияларга иштөө үчүн бөлмө жай, оргтехникасы, кењсе
буюмдары берилет жана алардын натыйжалуу иштөөсү үчүн зарыл кызматтар
көрсөтүлөт.
Ар бир депутаттык фракция секретариат менен камсыз кылынат, анын
түзүмү жана штаттык саны Жогорку Кењештеги фракциялардын пропорционал-
дуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен Жогорку Кењештин Төрагасы тарабынан
аныкталат.".
12. Мыйзамдын текстиндеги "депутаттык бирикмелер (фракциялар, де-
путаттык топтор)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөгө ылайык "депутаттык
фракциялар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13. 20-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү төмөнкүдөй редакция-
да баяндалсын:
"Жогорку Кењештин сессиясы Жогорку Кењештин жыйналыштарынан, коми-
теттердин, убактылуу комиссиялардын, депутаттык фракциялардын жыйналыш-
тарынан турат.
Жогорку Кењештин жыйналышы өтүп жаткан учурда комитеттердин, убак-
тылуу комиссиялардын жана депутаттык фракциялардын жыйналыштары, парла-
менттик угуулар, ошондой эле шайлоочулар менен иштөө жүргүзүлбөйт.".
14. 21-статьянын төртүнчү бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндал-
сын:
"Мамлекеттик жана расмий тилдерди билбеген чет мамлекеттердин жа-
рандары, ошондой эле башка адамдар тийиштүү түшүндүрмөлөрдү эркин айтып
бере ала турган тилде чыгып сүйлөй алышат Жарандардын мындай чыгып сүй-
лөөлөрү мамлекеттик жана расмий тилдерге далма-дал которуу менен камсыз
кылынат.".
15. 24-статьяда:
биринчи жана алтынчы бөлүгүндөгү "депутат" деген сөз "депутаттык
фракция" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
бешинчи бөлүгүндөгү "депутатка" деген сөз "депутаттык фракциянын
өкүлүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 25-статья төмөнкүдөй редакциядагы экинчи бөлүк менен толуктал-
сын:
"Сессиянын убагында өткөрүлгөн жыйналыштар ортосундагы тыныгуу
убагында Президент мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кењештин жыйналыштарын ча-
кырууга жана аларда каралууга тийиш болгон маселелерди аныктоого акы-
луу.".
17. 26-статьядагы биринчи бөлүктүн 5 пункту алып салынсын.
18. 27-статьяда:
экинчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку Кењештин жыйналышы ага депутаттардын жалпы санынын көпчү-
лүгү катышкан шартта укуктуу болот.".
төртүнчү бөлүгүндөгү "депутаттардын сунушу боюнча" деген сөздөр
"депутаттык фракциялардын сунушу боюнча" деген сөздөр менен алмаштырыл-
сын.".
19. 28-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-статья.
Жогорку Кењештин жыйналыштарында каралып жаткан маселенин демилге-
чилери, комитеттердин төрагалары (өкүлдөрү), депутаттык фракциялардын
лидерлери же фракциянын ыйгарым укуктуу депутаттары (саны 10 депутатка
чейинки фракциядан - экиден ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 10дон 20 депу-
татка чейинки фракциядан - үчтөн ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 20дан 30
депутатка чейинки фракциядан төрттөн ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 30дан
40 депутатка чейинки фракциядан - беш депутаттан ашпаган чыгып сүйлөө-
чү, саны 40тан 50 депутатка чейинки фракциядан - алтыдан ашпаган чыгып
сүйлөөчү, саны 50дөн 60 депутатка чейинки фракциядан - жетиден ашпаган
чыгып сүйлөөчү, саны 60тан 70 депутатка чейинки фракциядан сегизден аш-
паган чыгып сүйлөөчү, саны 70ден 80 депутатка чейинки фракциядан - то-
гуздан ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 80ден 90 депутатка чейинки фракция-
дан - ондон ашпаган чыгып сүйлөөчү) жарыш сөздөргө катышууга, талкуула-
нып жаткан маселелердин маани-мазмуну боюнча сунуштарды, сын-пикирлерди
жана түзөтүүлөрдү киргизүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ка-
ралган учурларда Жогорку Кењеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу кыз-
мат адамдарын талапкерликке сунуш кылууга жана талапкерлер боюнча өз
пикирин айтууга акылуу.
Комитеттер жана депутаттык фракциялар суроо берүүгө, маалымдама
берүүгө, депутаттардын арасында Жогорку Кењештин ишине тиешелүү матери-
алдарды көбөйтүүгө жана таратууга, ошондой эле ушул Мыйзамда жана Жо-
горку Кењештин башка актыларынан белгиленген башка укуктардан пайдала-
нууга укуктуу.".
20. 30-статьядагы биринчи бөлүктүн 4-пунктундагы "депутаттарынын"
деген сөз "депутаттык фракцияларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
21. 32-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32-статья.
Жогорку Кењештин жыйналышы ушул, Мыйзамда каралган башка учурларды
кошпогондо айдын ар бир атасынын бейшемби жана жума күндөрү өткөрүлөт.
Жыйналыш 9 саат 30 мүнөттө башталат.
Айдын аптасынын дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү жыйналыштар коми-
теттерде жана убактылуу комиссияларда өткөрүлөт, ал эми ар бир атанын
шаршемби күнү депутаттык фракцияларда иштөө үчүн бөлүнөт. Депутаттык
фракциялардын жыйналышы алардын чечими боюнча аптанын башка күндөрүндө
өткөрүлүшү мүмкүн.".
22. 33-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33-статья.
Баяндамалардын, кошумча баяндамалардын жана корутунду сөздүн узак-
тыгы баяндамачылар жана кошумча баяндамачылар менен макулдашып төрага-
лык кылуучу тарабынан белгиленет, бирок баяндама үчүн - 20 мүнөттөн,
кошумча баяндама үчүн - 10 мүнөттөн жана корутунду сөз үчүн 7 мүнөттөн
ашпоого тийиш.
Жарыш сөзгө чыгып сүйлөөчүлөргө 5 мүнөткө чейин, жарыш сөзгө кай-
талап чыгын сүйлөө, ошондой эле мыйзам долбоорлорун талкуулоодо чыгып
сүйлөө үчүн 3 мүнөткө чейин, жыйналышты алып баруу тартиби боюнча, до-
буш берүүнүн жүйөсү боюнча, талапкерлер боюнча чыгып сүйлөө үчүн, бил-
дирүүлөр, суроолор, сунуштар, билдирмелерди, маалымдамаларды берүү үчүн
2 мүнөткө чейин убакыт берилет.
Белгиленген убакыт бүткөндөн кийин төрагалык кылуучу бул жөнүндө
чыгып сүйлөөчүгө эскертет, андан кийин анын сөзүн токтотууга укуктуу.
Жыйналышка катышкан Жогорку Кењештин депутаттарынын көпчүлүгүнүн
макулдугу менен төрагалык кылуучу жыйналыштын күн тартибине киргизилген
маселенин жалпы узактыгын, суроолорго жана жоопторго чегерилген убакыт-
ты белгилеши, сөз сүйлөөнүн убактысын узартышы мүмкүн.".
23. 34-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"34-статья.
Жогорку Кењештин жыйналыштарында комитеттин төрагасы (өкүлү), де-
путаттык фракциянын лидери же фракциянын ыйгарым укуктуу депутаттары
бир эле маселе боюнча жарыш сөзгө эки жолудан ашык чыгып сүйлөй албайт.
Жогорку Кењештин жыйналыштарында бир эле маселе каралган учурда
комитеттин төрагасы (өкүлү), депутаттык фракциянын лидери же фракциянын
ыйгарым укуктуу депутаттары жол-жобо боюнча эки жолудан кем эмес чыгып
сүйлөй алат.
Жогорку Кењештин жыйналышында төрагалык кылуучунун уруксатысыз эч
ким чыгып сүйлөй албайт.
Жарыш сөздүн токтотулгандыгына байланыштуу сөз сүйлөй албай калган
комитеттин төрагасы (өкүлү), депутаттык фракциянын лидери же депутаттык
фракциянын өкүлү кол коюлган өздөрүнүн сөзүнүн текстин Жогорку Кењештин
жыйналышынын стенограммасына тиркетип коюуга укуктуу.
Ар бир фракция Жогорку Кењештеги фракциялардын пропорционалдык
өкүлчүлүгүнө ылайык (саны 10 депутатка чейинки фракция - бир жолу, саны
20 депутатка чейинки фракция - эки жолу жана саны 50 депутаттан ашкан
фракция - үч жолу) талкууланып жаткан маселе боюнча кезексиз чыгып
сүйлөөгө укуктуу.".
24. 35-статьянын биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөз Жогорку Кењеш белгиле-
ген убакыт бүткөндүгүнө байланыштуу, же Жогорку Кењештин депутаттарынын
көпчүлүгү кабыл алган чечим боюнча токтотулушу мүмкүн";
экинчи бөлүк алынып салынсын.
25. 36-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36-статья.
Жогорку Кењеш өзүнүн биринчи сессиясына конституциялык курамынын
үчтөн экисинен кем эмеси шайлангандан кийин 30 күндөн кечикпей чогулат.
Жогорку Кењештин депутаттары мөөнөтүнөн мурда шайланган учурда жа-
њы шайланган Жогорку Кењеш биринчи жыйналышына Жогорку Кењештин консти-
туциялык курамынын кеминде үчтөн экиси шайлангандан кийин мөөнөтүнөн
мурда шайлоо дайындалган күндөн тартып 60 күндөн кечиктирилбестен чогу-
лат.
Жањы шайланган Жогорку Кењештин жыйналышынын биринчи күнүнөн тар-
тып жана жањы чакырылыштагы курамдын үчтөн экисинен кем эмес депутат-
тардын анты алынгандан кийин мурдагы шайланган Жогорку Кењештин ыйгарым
укуктары токтотулат.".
26. 37-статьянын:
биринчи бөлүгүндөгү "10 күндөн кийин" деген сөздөр "3 күндөн кий-
ин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
биринчи бөлүктүн 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жањы шайланган депутаттар жөнүндө маалыматтар (депутаттын фамили-
ясы, аты-жөнү, туулган жылы, партиялуулугу, билими, кесиби, кызматы,
иштеген жери, жашаган жери жана башка маалыматтар);".
27. 38-статьянын:
экинчи бөлүк төмөнкүдөй бөлүк менен толукталсын:
"Бул топ Жогорку Кењешке депутаттардын мандатынын эњ көп санын ал-
ган партиянын депутаттарынын демилгеси боюнча Жогорку Кењешке шайланган
башка партиялардын депутаттарынын пропорционалдуу өкүлчүлүк принципте-
ринин негизинде башка депутаттарды тартуу менен Жогорку Кењешке келиши-
не ылайык жањы шайланган депутаттардын ичинен түзүлөт.";
экинчи жана үчүнчү бөлүктөр тиешелүүлүгүнө жараша үчүнчү жана төр-
түнчү бөлүктөр деп эсептелсин.
28. 41-статья төмөнкүдөй мазмундагы биринчи бөлүк менен толуктал-
сын:
"41-статья.
Жогорку Кењеш маселелерди Жогорку Кењештин бекитилген күн тартиби-
не ылайык карайт. Жогорку Кењештин күн тартиби ай сайын Жогорку Кењеш
тарабынан кабыл алынат.
Жогорку Кењештин жыйналышынын күн тартибине ушул Мыйзамдын талап-
тарына ылайык даярдалган маселелер кирет.
Жогорку Кењештин тиешелүү комитеттери менен депутаттык фракциялар-
ды даярдоо жана жеткире даярдоо үчүн өздөрүнө бекитилген маселелердин
даярдалгандыгы жөнүндө өзүнүн корутундусун жана аларды жыйналыштын күн
тартибине киргизүү тууралу сунушун беришет.".
29. 42-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"42-статья.
Жогорку Кењештин жыйналышынын күн тартибинин долбоорун Жогорку Ке-
њештин төрагасы депутаттык фракцияларга жана депутаттарга аны Жогорку
Кењеште талкуулоого чейин 3 күндөн кеч эмес берет.
Жыйналыштан күн тартибинин долбооруна Жогорку Кењеш түзгөн, уюш-
турган, шайлаган, дайындаган, бекиткен же дайындоого макулдук берүүчү
органдардын, кызмат адамдарынын отчеттору жана баяндамалары киргизи-
лет.".
30. 43-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"Жогорку Кењештин жыйналышынын күн тартибинин долбоору Жогорку Ке-
њешке кароого Жогорку Кењештин Төрагасы тарабынан киргизилет жана депу-
таттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен токтом түрүндө кабыл алы-
нат.".
31. 44-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "үчтөн экиден кем эмес" деген
сөздөр "көпчүлүгү" деген сөз менен алмаштырылсын.
32. 47-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи пунктундагы "75" деген сан
"90" деген сан менен алмаштырылсын.
33. 49-статья:
статья төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Депутаттык фракциялардын лидерлеринин талабы боюнча кандай маселе
болбосун добуш берүү башталганга чейин 15 мүнөткө созулган бир тыныгуу
жарыяланат.";
төртүнчү-алтынчы бөлүктөрү тийиштүүлүгүнө жараша бешинчи-жетинчи
деп эсептелсин.
34. 51-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "жана чечимдери" деген сөздөр
алып салынсын.
35. 52-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Добуш берүү үчүн электрондук тутумду пайдаланууда Жогорку Кењеш-
тин депутаты ооруп калгандыгынан, иш сапарында же Жогорку Кењештин тап-
шырмасын аткарып жүргөндүгүнөн улам жүйөлүү себептер менен ал Жогорку
Кењештин жыйналышына катыша албагандыгына байланыштуу өзүнүн добушун
Жогорку Кењештин башка депутатына өткөрүп берүүгө жол берилет.
Депутат мындай учурда:
депутаттык фракция боюнча башка депутатка жазуу жүзүндөгү арызында
көрсөтүлгөн маселелер боюнча добуш берүү укугуна ишеним көрсөтө алат;
каралып жаткан маселелер боюнча депутаттык фракциянын жетекчисине
өзүнүн кат жүзүндөгү, факсимилдүү чечимин өткөрүп бере алат, бул депу-
таттык фракцияга жок депутаттын ордуна добуш берүүгө укук берет;
Жогорку Кењештин депутатынын өзүнүн добушун башка депутатка же де-
путаттык фракциянын жетекчисине жыйналышка катышпаган мезгилде өткөрүп
бериши жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү арызы депутаттык бланкта катышпаганды-
гынын себептерин, добуш канча убакытка берилгендигин көрсөтүү менен,
ошондой эле Жогорку Кењеште каралган маселелер боюнча добуш берүүдө до-
бушту кандай пайдаланууну көрсөтүүсү менен түзөт.
Өзүнүн добушун Жогорку Кењештин жыйналышына катышпаган мезгилде
өткөрүп берүү жөнүндө чечимин депутат телеграмма менен жөнөтүүгө да
акылуу.
Жогорку Кењештин депутаттарынын жазуу жүзүндөгү арызы, факсимилдүү
билдирүүлөрү жана телеграммалары эсепке алуу жана жыйналыштын протоко-
луна тиркелүү үчүн Жогорку Кењештин Төрагасына берилет.".
36. 55-статьянын үчүнчү бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде добушка коюлган мыйзам долбооруна карата жооптуу комитет-
тин же депутаттык фракциянын долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор
тууралу сунуштары болсо, ага демилгечи макул болбосо анда добушка би-
ринчи болуп мыйзам чыгаруу демилгесине укуктуу субъект тарабынан сунуш
кылынган долбоор, андан кийин комитеттин же фракциянын сунуштары кою-
лат.".
37. 57-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй баяндалсын:
"Өзгөчө пикири болгон учурда депутаттык фракция төрагалык кылуучу-
га аны жазуу жүзүндө берет, ал бул сунушту жыйналышта жарыя кылат жана
добушка коет. Эгерде депутаттык фракция өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жү-
зүндө жол-жоболоштурууга үлгүрбөсө, талкууланып жаткан маселе боюнча
добуш берүү кийинкиге калтырылат.".
38. 65-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү төмөнкүдөй редакци-
яда баяндалсын:
"Жашыруун добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен өткөрүлөт.
Эсептөө комиссиясы буга өз макулдугун беришкен депутаттардын ара-
сынан шайланат, анын саны 7 депутаттан кем болбойт. Комиссиянын курамы
катталган ар бир депутаттык фракциянын бирден кем эмес өкүлчүлүгү менен
камсыз болууга тийиш.".
39. 68-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"68-статья.
Эгерде жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендерди депутаттардын жалпы
санынын жарымынан кем эмеси алышкан болсо, Кыргыз Республикасынын Конс-
титуциясында жана ушул Мыйзамда белгиленген учурларды эске албаганда,
шайлоо, дайындоо, бекитүү же чечимдин вариантын кабыл алуу болду деп
эсептелинет. Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендерди Жогорку Кењештин
депутаттардын жалпы санынын жарымынан кеми алган учурда шайлоо, дайын-
доо же бекитүү кайрадан өткөрүлөт.
Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында депутаттардын жалпы санынын
жарымынан көбүнүн добушун алган талапкер, Кыргыз Республикасынын Конс-
титуциясында жана ушул Мыйзамда белгиленген учурларды эске албаганда,
шайланды, дайындалды же бекитилди деп эсептелинет.".
40. 73-статьянын алтынчы бөлүгүндөгү "депутаттар" деген сөз "депу-
таттык фракциялар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
41. 76-статьяда:
экинчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"Жогорку Кењештин жыйналышына чакырылган адамдардын кызматы жана
аты-жөнү.";
5-10-пункттар тийиштүүлүгүнө жараша 6-11-пункттар деп эсептелсин.
42. 78-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"78-статья.
Жогорку Кењештин, анын комитеттери жана убактылуу комиссияларынын,
ошондой эле депутаттык фракциялардын айрым жыйналыштарынын стенограмма-
лары жана протоколдору Жогорку Кењеш тарабынан жүргүзүлгөн талкуу жана
чечим кабыл алуу процессин тастыктаган документтер деп саналат.
Депутаттык фракциялар жана депутаттар стенограммалар, добуш бе-
рүүнүн жыйынтыктары, жыйналыштардын протоколдору жана Жогорку Кењештин
дагы башка документтери менен эркин таанышууга жетише алышат, башка
адамдар Жогорку Кењештин Аппаратына жазган жеке арызына ылайык же окуу
залынан же Жогорку Кењештин расмий сайтынан эркин тааныша алышат.".
43. 79-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"79-статья.
Жогорку Кењештин Аппараты Жогорку Кењештин ар бир жыйналышы боюнча
жыйналыштын ишин жүргүзөт, ал төмөндөгүлөрдү камтыйт:
1) жыйналыштын делосуна кирүүчү документтердин тизмегин;
2) жыйналыштын протоколун;
3) жыйналыштын стенограммасын;
4) Жогорку Кењештин чечими боюнча жыйналыштын стенограммасына кир-
бей калган атын атап добуш берүүнүн натыйжаларын;
5) жыйналышта каралган документтердин долбоорлорун;
6) жыйналышта каралган маселелер боюнча Жогорку Кењештин комитет-
теринин жана депутаттык фракцияларынын корутундуларын;
7) депутаттардын сүйлөбөй калган сөздөрүнүн тексттерин;
8) Жогорку Кењеш тарабынан кабыл алынган актылар боюнча депутаттык
фракциялардын өзгөчө пикирлерин;
9) эгерде депутаттарга таркатылбаса, депутаттардын жана депутаттык
фракциялардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарын жана аларга берилген жо-
опторду;
10) Жогорку Кењештин Аппараты депутаттардын арасында таркаткан да-
гы башка материалдарды;
11) ушул жыйналышта каралган документтердин кабыл алынган редакци-
ясындагы тексттерин;
12) Жогорку Кењештин жыйналышына чакырылган адамдардын тизмеси.
Депутаттардын жана депутаттык фракцияларынын кайрылуулары боюнча
жыйналыштын делосу аларга Жогорку Кењештин Аппараты тарабынан таанышуу
үчүн берилет.".
44. 80-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндал-
сын:
"Өздөрүнүн карамагындагы маселелер боюнча Жогорку Кењештин коми-
теттери менен убактылуу комиссиялары, ошондой эле депутаттык фракциялар
парламенттик угууларды өткөрүүгө демилге көтөрө алышат.".
45. 82-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Парламенттик угууга чакырылган адамдардын курамы бул угууга
өткөрүүгө демилге көтөргөн Жогорку Кењештин комитеттери, убактылуу ко-
миссиялары жана депутаттык фракциялар тарабынан аныкталат.".
46. 83-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү төмөнкүдөй редакция-
да баяндалсын:
"Парламенттик угууларды өткөрүү демилгесин көтөргөн Жогорку Кењеш-
тин комитеттери, убактылуу комиссиялары жана депутаттык фракциялар жа-
бык парламенттик угууларды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Жабык парламенттик угууларда жашыруун мүнөздөгү, ошондой эле мамлекет-
тик жана башка мыйзам тарабынан корголуучу сырды камтыган маалыматтарды
козгогон маселелер талкууланат.
Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кењештин депутаттары,
Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин атайын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Премь-
ер-министри же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү, Кыргыз
Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Конституциялык
сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары, Кыргыз Рес-
публикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы-
нын төрагасы ачык, ошондой эле жабык парламенттик угууларга катышууга
укуктуу. Парламенттик угуу демилгесин көтөргөн Жогорку Кењештин коми-
теттеринин, убактылуу комиссияларынын жана депутаттык фракцияларынын
чечими боюнча жабык парламенттик угууга мамлекеттик органдардын башка
кызмат адамдары чакырылышы мүмкүн.".
47. 84-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндал-
сын:
"Парламенттик угууларды Жогорку Кењештин тиешелүү комитетинин,
убактылуу комиссиясынын төрагасы же төраганын орун басары, депутаттык
фракциянын лидери же ыйгарым укуктуу өкүлү алып барат.".
48. 85-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндал-
сын:
"Парламенттик угуулардын узактыгын талкууланып жаткан маселелердин
мүнөзүнө жараша Жогорку Кењештин комитети, убактылуу комиссиясы жана
депутаттык фракция аныктайт.".
49. 86-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндал-
сын:
"Парламенттик угуулар төрагалык кылуучунун талкууланып жаткан ма-
селенин маани-мазмуну, анын мааниси, жыйналышты өткөрүүнүн тартиби, ча-
кырылган адамдардын курамы жөнүндө маалымат берген кыскача кириш сөзү
менен башталат. Андан кийин Жогорку Кењештин комитетинин, убактылуу ко-
миссиясынын жана депутаттык фракциянын өкүлүнө талкууланып жаткан масе-
ле боюнча баяндама жасоо үчүн 20 мүнөткө чейин сөз берет анын артынан
парламенттик угууларга катышып жаткан Жогорку Кењештин депутаттары жана
чакырылган адамдар чыгып сүйлөшөт.".
50. 90-статья төмөнкүдөй мазмундагы биринчи бөлүк менен толуктал-
сын:
"Жогорку Кењеш иштеп жаткан убакта депутаттар Жогорку Кењештин
ишинин расмий мүнөзүнө жараша кийимчен жүрүүгө тийиш. Жогорку Кењештин
жыйналышы өтүп жатканда мобилдик байланыш каражаттарын пайдаланууга ты-
юу салынат.";
үчүнчү бөлүк алынып салынсын;
биринчи, экинчи, төртүнчү бөлүктөр тийиштүү түрдө экинчи-төртүнчү
бөлүк деп эсептелсин.
51. 91-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү төмөндөгүдөй редак-
цияда баяндалсын:
"Эгерде депутаттык фракция же депутат жыйналышта чыгып сүйлөгөн
адам же төрагалык кылуучу анын сөзүн, болбосо аракетин туура эмес тү-
шүндүрүп жатат деп эсептесе, ал түшүндүрмө берүү же сын-пикирин айтуу
үчүн жыйналышта төрагалык кылуучудан сөз сурап, оозеки же жазуу жүзүндө
кайрыла алат. Мындай кайрылуу боюнча жыйналышта төрагалык кылуучу депу-
татка сөздү дароо же талкуунун акырында, бирок добушка коюлганга чейин
берет, сөз талкуунун акырында берилсе жыйналышта төрагалык кылуучу де-
путаттан ушундай кайрылуу түшкөндүгүн жана ага сөз качан бериле турган-
дыгы жөнүндө дароо депутаттарга билдирет. Эгерде мындай маалымат, депу-
таттык фракциянын жана депутаттын пикири боюнча, Жогорку Кењештин Аппа-
раты аркылуу таратылган маалымдама материалдарда бар деп эсептесе, анда
жыйналышта төрагалык кылуучу депутаттын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу бо-
юнча ага жыйналыштын башында же аягында сөз берет.
Жогорку Кењештин жыйналышынын учурунда депутаттык фракция жана де-
путаттар сүйлөп жаткан адамдын сөзүнө тоскоол болгон аракеттери менен
(кыйкырып, кол чаап, ордунан туруп ж.д.у.с.) сүйлөп жаткандарга жана
угуп жаткандарга жолтоо болбоого тийиш.".
52. 92-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"92-статья.
Эгерде депутат өзүнүн жүрүм-туруму менен Жогорку Кењештин жыйналы-
шын өткөрүүгө жолтоо кылса, ушул Мыйзамдын жоболорун бузса, ага карата
төмөнкүдөй чаралар колдонулушу мүмкүн:
1) эскертүү;
2) тартипке чакыруу;
3) микрофонду өчүрүү жолу менен сөз сүйлөөдөн ажыратуу.
Ушул Мыйзамдын жоболору депутат тарабынан биринчи жолу бузулганда,
жыйналышка төрагалык кылуучу ага эскертүү берет жана Жогорку Кењештин
Регламентин сактоосун суранат.
Жыйналышты алын баруучу:
1) анын эскертүүсүнө көњүл бурбаган жана ушул Мыйзамдын бузуусун
токтотпогон;
2) башка депутаттар же жыйналышка катышуучулар менен кайым айтыш-
кан;
3) мазактоочу сөздөрдү жана кыймыл аракетти жасаган;
4) талкууланып жаткан темадан четке чыккан;
5) башка жол менен жыйналыштын тартибин бузган депутаттарды тар-
типке чакырат.
Жыйналышты алып баруучу чыгып сүйлөөнү токтотуу же микрофонду өчү-
рүү жолу менен тартипке чакыргандан кийин да жыйналыштар залында тар-
типти бузуусун улашкан же болбосо өзүнүн сөзүн белгиленген убакыттан
ашык улашкан жана төрагалык кылуучунун сөзүн аяктоо жөнүндө суранычын
аткарбаган депутаттар сөз сүйлөөдөн ажыратылышы мүмкүн.".
53. 93-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"93-статья.
Жыйналышта төрагалык кылуучу ушул Мыйзамды одоно же такай бузган
учурда депутаттык фракциялардын кимисинин болбосун киргизген сунушу бо-
юнча кыскача талкуу токтотулгандан кийин Жогорку Кењеш аны жыйналыштар-
ды алып баруудан эки күндүк мөөнөткө чейин четтетүү жөнүндө чечим кабыл
алышы мүмкүн. Аталган мамиле жыйналыштын күн тартибине алдынала кирги-
зилбестен эле Жогорку Кењеш тарабынан каралышы мүмкүн.".
54. 95-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"95-статья.
Тийиштүү мыйзам долбоор боюнча Жогорку Кењештин токтомунун долбоо-
ру Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү,
Жогорку Кењештин комитеттери, ошондой эле депутаттык фракциялары тара-
бынан киргизилиши мүмкүн.".
55. 96-статьяда:
биринчи бөлүктүн 6-пункту алынып салынсын;
1-7-пункттары тийиштүүлүгүнө жараша 1-5-пункттары деп эсептелсин;
экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн
караштырган, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу мыйзам долбоорло-
ру Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржылоо булагын аныктагандан кийин
Жогорку Кењеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.".
56. 98-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"98-статья.
Эгерде берилген мыйзам долбоорунун формасы мыйзам долбоорлордун
жана ушул Мыйзамды даярдоонун тартибине тиешелүү болгон мыйзамдардын
талаптарына жооп бербесе же ушул Мыйзамдын 96-статьясында көрсөтүлгөн
зарын материалдар берилбесе, мындай мыйзам долбоору Жогорку Кењештин
тийиштүү комитетинин сунушу (чечими) боюнча Жогорку Кењештин Төрагасы
тарабынан мыйзам долбооруна карата белгиленген талаптарды аткаруу үчүн
анын демилгечисине кайтарып берилүүгө тийиш.".
57. 99-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мыйзам долбоору Жогорку Кењештин Аппаратында каттоодон өтөт, ан-
дан кийин Жогорку Кењештин Төрагасы тиешелүү комитетке, депутаттык
фракцияларга жана Жогорку Кењештин Аппаратынын юридикалык кызматына жө-
нөтөт.".
58. 102-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү төмөнкүдөй редакци-
яда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыр-
гыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү, ошондой эле мыйзам долбоору экспертиза берүү-
гө жөнөтүлгөн башка мамлекеттик органдардын, саясый партиялардын, коом-
дук бирикмелердин, мекемелердин, уюмдардын өкүлдөрү мыйзам долбоорун
кароодо жана аны биринчи окууга киргизүү жөнүндө маселени чечүүдө коми-
теттин жыйналыштарына катышууга укуктуу.
Мыйзам долбоорун кароонун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кењештин ко-
митеттери корутунду түрүндө чечим кабыл алат.".
59. 103-статьянын экинчи, үчүнчү бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда
баяндалсын:
"Мыйзамдар Жогорку Кењеш тарабынан эки окууда кабыл алынат. Жогор-
ку Кењештин чечими боюнча мыйзам долбоорлорун кароо үч окууда өткөрүлү-
шү мүмкүн. Мыйзам долбоорлорунун каралышы Жогорку Кењештин күн тартиби-
не ылайык өткөрүлөт. Мыйзам долбоору боюнча биринчи жана экинчи окуу-
лардын убакыт аралыгы Жогорку Кењеш тарабынан аныкталат.";
төртүнчү, бешинчи бөлүктөрү алып салынсын.
60. 104-статья төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
"104-статья.
Мыйзам долбоорлору Жогорку Кењештин комитетинин жыйналышына Жогор-
ку Кењештин Аппаратынын юридикалык кызматынын корутундусу болгондо кир-
гизилет жана каралат.
Жогорку Кењеш мыйзам долбоорун биринчи окууда караганда анын не-
гизги жоболорун, аны кабыл алуунун зарылдыгын талкуулайт, мыйзам дол-
боорунун концепциясына жалпы баа берилет.
Талкуу мыйзам долбоорунун демилгечисинин баяндамасы жана Жогорку
Кењештин жооптуу комитетинин кошумча баяндамасы менен башталат.
Эгерде мыйзам долбоорун иштеп чыгуу Жогорку Кењештин бир нече ко-
митетине тапшырылса жана алар анын ар кайсы концепциясын киргизсе, анда
жооптуу комитеттин концепциясына макул болбогон комитеттердин баяндама-
лары да угулат.
Мыйзам долбоорун кароо убагында депутаттык фракциялардын өкүлдөрү-
нүн (саны 10 депутатка чейинки фракциядан - экиден ашпаган чыгып сүй-
лөөчү, саны 10дон 20 депутатка чейинки фракциядан - үчтөн ашпаган чыгып
сүйлөөчү, саны 20дан 30 депутатка чейинки фракциядан төрттөн ашпаган
чыгып сүйлөөчү, саны 30дан 40 депутатка чейинки фракциядан - беш депу-
таттан ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 40тан 50 депутатка чейинки фракция-
дан - алтыдан ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 50дөн 60 депутатка чейинки
фракциядан - жетиден ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 60тан 70 депутатка
чейинки фракциядан - сегизден ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 70ден 80 де-
путатка чейинки фракциядан - тогуздан ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны
80ден 90 депутатка чейинки фракциядан - ондон ашпаган чыгып сүйлөөчү)
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмө-
түнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана мыйзам долбоорун талкуулоого ка-
тышуу үчүн чакыртылган башка адамдардын сунуштары жана сын пикирлери
угулат.".
61. 105-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"105-статья.
Мыйзам долбоорун талкуулоонун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кењеш
төмөндөгүдөй чечимдердин бирин кабыл алат.
1) мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алуу жана айтылган сунуш-
тар менен сын-пикирлерди эске алуу менен ишти дагы улантуу Мыйзам дол-
боорун биринчи окууда кабыл алуу мыйзам долбоорун толугу менен талкуу-
лоону жана мыйзам долбооруна карата түзөтүүлөр түрүндөгү сунуштарды жа-
на сын-пикирлерди эске алуу менен анын үстүндө иштөөнү улантууну жана
аны экинчи окууга коюуну билдирет;
2) мыйзам долбоорун кайталап кароого тийиштүү комитетке кайтарып
берүү;
3) мыйзамды толугу менен кабыл алуу.
Эгерде мыйзам долбоору биринчи же экинчи окуулардын жыйынтыгы бо-
юнча кабыл алынбаса, анда ал четке кагылды деп эсептелинет.
Четке кагылган мыйзам долбоору Жогорку Кењеш тарабынан 6 ай өткөн-
дөн кийин кайталап каралышы мүмкүн.
Конституциялык мыйзамдар конституциялык мыйзамдарды чечмелөө боюн-
ча мыйзамдар конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор
киргизүү жөнүндө мыйзамдар, мамлекеттик чегараны өзгөртүү жөнүндө мый-
замдар статьялар боюнча талкуулоо менен кароого жатат. Мыйзамды статья-
лар боюнча талкуулоо менен кабыл алуу мыйзам долбоорунун ар бир статья-
сын талкуулоо менен аны толугу менен кабыл алууну билдирет.
Жогорку Кењеш мыйзам долбоорун бүткүл элдик талкуулоого коюу жө-
нүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Бир эле маселе боюнча бирден ашык мыйзам долбоору киргизилген
учурда Жогорку Кењеш андан аркы кароого алардын кайсынысын негиз кылып
алуу жөнүндө чечим кабыл алат.".
62. 106-статьянын үчүнчү бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндал-
сын:
"Добуш берүүгө биринчи комитеттин, андан кийин депутаттык фракция-
нын сунуштары коюлат. Эгерде сунуштардын бири да Жогорку Кењеш тарабы-
нан колдоого алынбаса, статья четке кагылды деп эсептелет.".
63. 107-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"107-статья.
Жогорку Кењеш тарабынан мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу
жөнүндө чечим кабыл алынганда, Жогорку Кењештин тийиштүү комитетине
текст түрүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзам долбоорунун айкын
статьяларына же айкын пункттарын же айкын пункттарды, бөлүктөрдү же
мыйзам долбоорунун статьяларын алып салуу сунуштары киргизилет.
Биринчи окууда кабыл алынган мыйзам долбооруна түзөтүү жөнүндө жа-
зуу жүзүндөгү сунушту Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кењеш-
тин депутаты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү киргизүүгө укуктуу.".
64. 108-статьянын төртүнчү бөлүгү алып салынсын.
65. 109-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку Кењештин Төрагасы экинчи окууга даярдалган мыйзам долбоо-
рун Жогорку Кењештин күн тартибине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат
жана Жогорку Кењештин Аппаратына зарыл материалдарды парламенттик фрак-
цияларга жана депутаттарга таратып берүүнү тапшырат.".
66. 110-статья:
төмөндөгүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын:
"Экинчи окууда мыйзам чыгаруу демилгеси субъектисинин долбоорунун
жоболоруна жазуу жүзүндө түшкөн сунуштар гана каралат.";
тогузунчу жана он биринчи бөлүгү алып салынсын:
биринчи-он биринчи бөлүктөр тийиштүү түрдө экинчи онунчу бөлүктөр
деп эсептелсин.
67. 111-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мыйзам долбоорлору боюнча жыйынтыктоочу добуш берүүнүн алдында
жооптуу комитет тарабынан Жогорку Кењештин Аппаратынын тиешелүү бөлүм-
дөрүнүн катышуусу менен мыйзам долбоорунун текстиндеги ички карама-кар-
шылыктарды четтетүү үчүн жана статьяларды өз ара туура айкалыштыруу
үчүн редакциялык түзөтүү жүргүзүлөт.".
68. 112-статьяда:
биринчи жана экинчи бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мыйзам долбоорун мыйзам иретинде кабыл алуу максатында Жогорку
Кењеш жыйынтыктоочу добуш берүү үчүн аптанын ичинде атайын күн дайын-
дайт.
Бул учурда ага түзөтүүлөр киргизүүгө жана толугу менен же айрым
статьялары, главалары, бөлүмдөрү боюнча кайрадан талкууга жол берил-
бейт.";
бешинчи бөлүктө төмөнкүдөй сөздөр алынып салынсын: "ченемдик-укук-
тук", "депутаттардын сунуштары менен сын-пикирлерин эске алуу менен.".
69. 113-статья алып салынсын.
70. 114-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"114-статья.
Конституциялык мыйзамдар, конституциялык мыйзамдарды чечмелөө жө-
нүндө мыйзамдар, конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоо-
лор киргизүү жөнүндө мыйзамдар, мамлекеттик чегараларды өзгөртүү туура-
лу мыйзамдар Жогорку Кењеш тарабынан кеминде эки окуу өткөрүлгөндөн
кийин Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем
эмес добушу менен кабыл алынат.
Өзгөчө жана аскердик абал учурунда конституциялык мыйзамдарды ка-
был алууга жол берилбейт.
Сөз жана басма сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга
жол берилбейт.".
71. 117-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"117-статья.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Конс-
титуциясынын жањы редакциясы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конс-
титуциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзам Жогор-
ку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен
Кыргыз Республикасынын Президенти дайындаган референдум (жалпы элдик
добуш берүү) аркылуу кабыл алынышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын үчүнчү-сегизинчи главала-
рынын жобосуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Пре-
зидентинин, Жогорку Кењештин сунушу боюнча же 300 мињден кем эмес шай-
лоочунун демилгеси боюнча кабыл алынышы мүмкүн.
Жогорку Кењеш тарабынан кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын Кон-
ституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Конс-
титуциялык сотунун корутундусу болгон учурда каралышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинен Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна Кыргыз
Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү
жөнүндө мыйзамдын долбоору келип түшкөн күндөн үч айдан кечиктирбестен
корутунду берет.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жө-
нүндө мыйзамдын долбоору боюнча терс корутунду чыгарылган учурда мый-
замдын бул долбоору Жогорку Кењеш аркылуу анын демилгечисине кайтарып
берилет Мыйзамдын кабыл алынбаган долбоору Жогорку Кењешке бир жылдан
эрте эмес мезгилде кайра киргизилиши мүмкүн.".
72. 118-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"118-статья.
Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун кору-
тундусун эске алуу менен ал боюнча Кыргыз Республикасынын Конституция-
лык сотунун корутундусу келип түшкөн күндөн тартып 6 айдан кечиктирбес-
тен Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор
киргизүү жөнүндө Мыйзам кабыл алат.
Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк депутатта-
рынын талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизүү жөнүндө Мыйзам "Кыргыз Республикасынын рефе-
рендуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык
референдумга алып чыгарылышы мүмкүн.".
73. 119-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"119-статья.
Мыйзам долбоорун кароонун жүрүшүндө Жогорку Кењеш конституциялык
ар бир түзөтүү боюнча демилгечинин баяндамасын, тиешелүү комитеттин ко-
шумча баяндамасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу
өкүлүнүн же Кыргыз Республикасынын Президенти ыйгарым укук берген адам-
дын, ошондой эле депутаттык фракциялардын лидерлеринин, эксперттердин
жана башка адамдардын Жогорку Кењештин чечими боюнча талкууга катышуу
үчүн чакырылган адамдардын сүйлөгөн сөздөрүн угат.".
74. 121-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"121-статья.
Статьялар боюнча талкуудан жана добуш берүүдөн кийин эгерде ал
үчүн Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем
эмес көпчүлүгү добуш берсе, жана окуунун аралыгында үч айдан тыныгуу
берилүү менен экиден кем эмес окуу өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кењеш
сунуш кылынган мыйзамды толугу менен кабыл алат.".
75. 122-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"122-статья.
Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө Мый-
замдын долбоорунун тексти Жогорку Кењеште талкуулоо учурунда Конститу-
циялык соттун корутундусунун негизинде жана анын демилгечинин расмий
макулдугу менен өзгөртүлүшү мүмкүн.".
76. 17-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз
Республикасынын эларалык келишимдерин ратификациялоо жана денонсация-
лоо".
77. 124-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"124-статья.
Кыргыз Республикасынын ратификацияланууга тийиш болгон эларалык
келишими, эларалык келишимге Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө
чечим, аны ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору, түшүндүрмө кат, эла-
ралык келишимге кол коюунун же ага кошулуунун алдында Жогорку Кењештин
тиешелүү комитети менен макулдашылгандыгы жөнүндөгү маалыматтан тартып,
дагы башка керектүү документтер жана материалдар менен Жогорку Кењешке
киргизилет
Жогорку Кењештин Төрагасы кароого келип түшкөн эларалык келишим-
дин, Кыргыз Республикасынын эларалык келишимге кошулушу жөнүндө чечим-
дин мазмунуна таянып, аларды Жогорку Кењештин ратификациясына даярдоо
боюнча жооптуу комитетти аныктайт.
Ушул маселе боюнча корутундуларды даярдоого башка комитеттер жана
депутаттык фракциялар тартылышы мүмкүн.".
78. 125-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"125-статья.
Жогорку Кењештин жоошуу комитети Жогорку Кењештин тиешелүү комите-
тинин же депутаттык фракциясынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик органдарынан ратификациялоого сунуш кылынган эларалык кели-
шимге тиешелүү кошумча маалыматты, эларалык келишимге Кыргыз Республи-
касынын кошулушу жөнүндө чечимди суратып алышы, бул маалыматты жана
эларалык келишимдин текстин баалоого көз карандысыз эксперттерди тарты-
шы мүмкүн.".
Жогорку Кењештин тиешелүү комитети Жогорку Кењештин жооптуу коми-
теттерине эларалык келишим боюнча корутундуларды, эларалык келишимге
Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө чечимди даярдоого алардын ком-
петенцияларына ылайык көмөк көрсөтөт Эларалык келишимди кароодо жооптуу
комитет Жогорку Кењештин жыйналышына материалдарды даярдоо боюнча ко-
миссияларды түзүшү мүмкүн.".
79. 126-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"126-статья.
Жооптуу комитеттин жыйналышында ратификациялоого сунуш кылынган эл
аралык келишим жөнүндө, эларалык келишимге Кыргыз Республикасынын кошу-
лушу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу
өкүлүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин агайын өкүлүнүн же Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген адамдын, парламенттик
фракциянын өкүлдөрүнүн сөзү угулат.
Эларалык келишимди ратификациялоо жөнүндө маселени, эл аралык ке-
лишимге Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө чечимди талкуулоого
башка комитеттердин чакырылган мүчөлөрү, Жогорку Кењештин Депутаттык
фракцияларынын өкүлдөрү, эксперттер жана башка адамдар катыша алышат.".
80. 127-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"127-статья.
Түшкөн сунуштарды эске алуу менен талкуунун жыйынтыктары боюнча
жооптуу комитет корутунду жана ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун
сунуш кылат. Комитеттин корутундусунда эларалык келишимди ратификация-
лоо, ушул маселе боюнча эларалык келишимге кошулуу же киргизилген мый-
зам долбоорун четтетүү жөнүндө сунуш, ратификациялоону же кошулууну
эларалык укукта жол берилүүчү мүмкүн болгон декларациялар, билдирүүлөр
же эскертме, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши кабыл алуучу тапшыр-
малар менен коштоо зарылчылыгы тууралу сунуштар камтылат.".
81. 128-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндал-
сын:
"128-статья.
Жогорку Кењеш эларалык келишимдерди ратификациялоо, эларалык кели-
шимге Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө маселени башка мыйзам
долбоорлорун карагандай эле тартипте карайт жана чечим кабыл алат.".
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын белгилеген эларалык
келишимдерди (макулдашууларды) ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан экиден кем эмес окуу
өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн
экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.".
82. 129-статьядагы "эларалык келишимди" деген сөздөн кийин, "же
эларалык келишимге кошулуу" деген сөздөр менен толукталсын.
83. 130-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен
толукталсын: "Ушул маселе боюнча корутунду депутаттык фракциялардан су-
рап алынат.".
84. 18-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-глава
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан
кайтарылган мыйзамдарды кайталап кароо
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- О референдуме Кыргызской РеспубликиЗакон · 23.10.2007 · № 159 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202212/st-18" title="18-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>