Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
157-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткө-
рүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасын дайындоого Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентинин сунуштамасы алынган күндөн тартып 14 жумуш кү-
нүнөн кечиктирбестен макулдук берет.
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сунушталган талапкер
тиешелүү комитеттерде алдын ала талкууланат, алар ушул талапкер боюнча
корутунду даярдайт. Талапкер комитеттердин жыйналышына чакырылышы мүм-
күн.
Жогорку Кењештин жыйналышында тиешелүү комитеттердин төрагалары
депутаттарды сунушталган талапкер боюнча комитеттердин корутундулары
менен тааныштырат. Талкуулоо процессине депутаттык фракциялардын өкүл-
дөрү катышат.
Талкуудан кийин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өт-
көрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагалык кызматына талапкер жашы-
руун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет.
Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ал-
ган адам Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын төрагалык кызматына дайындоого макулдук алды
деп эсептелинет.
Эгерде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Респуб-
ликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
төрагалык кызматына дайындоого макулдук алуу үчүн сунушталган талапкер
Жогорку Кењеш тарабынан четке кагылса, Кыргыз Республикасынын Президен-
ти жањы талапкерди кайра кароону сунуш кылууга укуктуу. Талапкерди кай-
ра кароо Жогорку Кењеш тарабынан ушул статьяда белгиленген тартипте ти-
ешелүү сунуштама алынгандан кийинки күнү жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-
бордук комиссиясынын төрагалык кызматына дайындоого макулдук берүү жө-
нүндөгү маселе боюнча Жогорку Кењеш токтом кабыл алат.
Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткө-
рүү боюнча борбордук комиссиясынын курамынын жарымын шайлайт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-
бордук комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлоо үчүн талапкерлерди Жогорку Ке-
њештин депутаттары, Бишкек, Ош шаардык кењеши, саясый партиялар, коом-
дук бирикмелердин республикалык органдары сунуш кыла алышат, алар Жо-
горку Кењешке тиешелүү чечимин жөнөтүшөт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-
бордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндөгү маселе Жогорку Кењеши-
нин жыйналышынын күн тартибине өзүнчө маселе болуп киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-
бордук комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлоого сунуш кылынган талапкерлер бо-
юнча тиешелүү комитет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талап-
керлердин тизмесин түзөт.
Жогорку Кењештин тиешелүү комитетинин төрагасы тарабынан сунуш кы-
лынган талапкерлер боюнча комитеттин корутундусун Жогорку Кењешке маа-
лымдайт. Талапкерлерди талкуулоого депутаттык фракциялардын өкүлдөрү
катышат.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-
бордук комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлоо үчүн сунуш кылынган талапкерлер
боюнча жашыруун добуш берүү өткөрүлөт. Добуш берүү бир же эки этап ме-
нен өткөрүлүшү мүмкүн.
Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ал-
ган адам Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды деп эсептелинет.
Эгерде бир бош орунга бирден ашык талапкер көрсөтүлбөсө, добуш бе-
рүү бир этап менен өткөрүлөт. Добуш берүү ар бир талапкер боюнча
өз-өзүнчө бир тур менен өткөрүлөт.
Эгерде талапкер добуштардын керектүү санын алалбай калса, жањы та-
лапкерлер көрсөтүлөт.
Эгерде бир бош орунга эки талапкер көрсөтүлсө, добуш берүү бир не-
че тур менен өткөрүлүшү мүмкүн. биринчи турда добуш берүүнүн натыйжала-
ры боюнча калтырылган талапкерлердин саны бош орундун санынан ашпаган
бюллетендер жарактуу деп табылат.
Биринчи турда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн бардыгын шайлоого
жетишилбесе, экинчи (зарыл болсо - үчүнчү) тур өткөрүлөт, ага добуштар-
дын бирдей санын алган талапкерлер чыгышат. Эњ аз добуш алган талапкер
талапкерлердин катарынан чыгарып салынат.
Эгерде экинчи жана үчүнчү турларда талапкерлердин бири да добуш-
тардын зарыл болгон санын алалбай калса, жањы талапкерлер көрсөтүлүүгө
тийиш.
Эгерде ар бир вакансияга экиден ашык талапкер көрсөтүлсө, добуш
берүү эки этапта өткөрүлөт.
Биринчи этапта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткө-
рүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо боюнча жашыруун до-
буш берүүнү өткөрүү үчүн тизмеге (бюллетендерге) талапкерлерди киргизүү
үчүн жашыруун добуш берүү өткөрүлөт
Биринчи этаптагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча добуштардын
көпчүлүк санын алган талапкерлер экинчи этапка чыгышат, алардын саны
бир ваканттык орунга экиден ашпоого тийиш.
Биринчи турдагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча ваканттык орун-
дардын санынан ашпаган талапкерлердин саны калтырылган бюллетендер жа-
рактуу деп табылат.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-
бордук комиссиянын мүчөлөрүнүн бардыгы биринчи турда шайланбай калса,
экинчи (зарыл болсо үчүнчү) тур өткөрүлөт, ага добуштардын бирдей санын
алышкан талапкерлер, ал эми эгерде андайлар жок болсо - добуштардын кө-
бүрөөк санын алгандар чыгышат. Добуштардын эњ аз санын алган талапкер
талапкерлердин санынан чыгарып салынат.
Экинчи жана үчүнчү турлардагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча
калтырылган талапкерлердин саны калган ваканттык орундардын санынан аш-
паган бюллетендер жарактуу деп табылат.
Эгерде экинчи жана үчүнчү турларда бир да талапкер добуштардын ке-
ректүү санын алалбаган учурда, жањы талапкерлер көрсөтүлүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-
бордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо Жогорку Кењештин токтому менен
жол-жоболоштурулат.
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202212/st-157" title="157-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>