133-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Мурда кабыл алынган редакциясында жактырылган мыйзамга белгиленген
мөөнөттө кол коюлбаса мыйзамга кол коюлду деп эсептелинет жана жарыяла-
нууга тийиш.".
85. 19-главанын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарын расмий чечмелөө".
86. 135-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Кон-
ституциясын" деген сөздөр алып салынсын.
87. 136-статьяда:
экинчи бөлүктөгү "аны эсепке алуу керек" деген сөздөр алып салын-
сын;
үчүнчү бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын" деген
сөздөр алып салынсын.
88. 20-главада:
137-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку Кењештин Төрагасынын жана анын орунбасарларынын кызматына
талапкерлер Жогорку Кењештин жыйналышында депутаттык фракциялар тарабы-
нан көрсөтүлөт Талапкерлер көрсөтүлгөндөн кийин Жогорку Кењеш аларды
талкуулоого өтүү жөнүндө чечим кабыл алат.".
89. 138-статьяда:
биринчи бөлүктөгү экинчи сүйлөмдөгү "депутаттардын" деген сөз "де-
путаттык фракциянын өкүлдөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи бөлүктөгү биринчи сүйлөмдөгү "депутаттар" деген сөз "депу-
таттык фракциянын өкүлдөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
90. 140-статьяда:
экинчи бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) бир депутаттык фракциянын талабы боюнча";
үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку Кењештин Төрагасын чакырып алуу жөнүндөгү маселени Жогор-
ку Кењештин жыйынынын күн тартибине киргизүү жөнүндө чечим Жогорку Ке-
њештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.".
91. 141-статьяда:
төртүнчү бөлүктөгү биринчи сүйлөмдө:
"депутаттар, депутаттык бирикмелер (фракциялар, депутаттык топ-
тор)" деген сөздөр "депутаттык фракциялар" деген сөздөр менен алмашты-
рылсын;
экинчи сүйлөмдөгү "депутаттар" деген сөз "депутаттык фракциянын
өкүлдөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
92. 21-главанын аталышындагы "комиссиялар" деген сөз "убактылуу
комиссиялар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
93. 143-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"143-статья.
Комитеттердин төрагаларын жана алардын орунбасарларын депутаттык
фракциялардын сунушу боюнча жашыруун добуш менен депутаттардын жалпы
санынын көпчүлүк добушу менен Жогорку Кењеш шайлайт.
Жогорку Кењештин комитеттеринин курамы депутаттык фракциялардын
макулдугу менен куралат. Бул боюнча добуш берүү талапкерлердин бирдик-
түү тизмеси боюнча өткөрүлүшү мүмкүн.
Жогорку Кењештин ар бир депутаты Жогорку Кењештин бир гана комите-
тинде болот Жогорку Кењештин Төрагасы жана анын орунбасарлары Жогорку
Кењештин комитеттеринин курамына кириши мүмкүн эмес.
Эгерде депутаттык фракциялардын саны бардык комитеттерге мүчө бо-
лушту камсыз кыла албаса, анда ошол депутаттык фракцияга Жогорку Кењеш-
тин эки комитетине мүчө болууга уруксат берилет, бул учурда ошол фрак-
циянын мүчөлөрүнүн саны чечүүчү добушу бар бир мүчөдөн ашпоого тийиш.
Жогорку Кењештин комитеттерин түзүү боюнча Жогорку Кењештин чечи-
ми, алардын курамын түзүү Жогорку Кењештин токтому менен жол-жоболошту-
рулат.".
94. 144-статьяда:
бардык текст боюнча "комиссия" деген сөз "убактылуу комиссия" де-
ген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) депутаттык фракция тарабынан;";
экинчи бөлүктө төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) депутаттык фракциянын чечими менен;".
95. 145-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"145-статья.
Убактылуу комиссиялар Жогорку Кењеш тарабынан коюлган маселени
иликтөө максатында депутаттык фракциялардын сунушу боюнча түзүлөт.
Убактылуу комиссиялар Жогорку Кењештин депутаттарынын ичинен алардын
Жогорку Кењештин комитеттерине мүчө болгонгондугуна карабастан түзүлөт.
Убактылуу комиссиянын жеке курамы буга макулдук берген депутаттык фрак-
циялардын сунуштары боюнча куралат. Убактылуу комиссиянын эњ аз сандык
курамы үч депутаттан кем эмес болушу керек.
Убактылуу комиссиянын жеке курамы боюнча сунуш депутаттык фракция-
лар тарабынан ушундай комиссияны түзүүнүн зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл
алгандан кийин эки күндүк мөөнөттө кечиктирилбестен берилет.
Жогорку Кењештин комитетинин төрагасы убактылуу комиссиянын төра-
гасы болуп шайланышы мүмкүн эмес.
Комиссиянын курамына шайланган депутат бул убактылуу комиссияда
иштеп жаткан мезгилинде өзү мүчө болуп турган комитеттеги ишин убакты-
луу токтотушу мүмкүн жана ушул себепке байланыштуу анын катышпай калышы
комитеттеги кворумга таасирин тийгизбейт.
Убактылуу комиссиянын алдына коюлган максаттар жана милдеттер ат-
карылгандан жана максатына жеткенден кийин убактылуу комиссия өзүнүн
ишин токтотот.".
96. 22-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз
Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку
сотунун судьяларын кызматтарга шайлоо жана бошотуу, Кыргыз Республика-
сынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун
төрагаларын жана алардын орунбасарларын кызматтарга дайындоого макулдук
берүү".
97. 146-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"146-статья.
Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судья-
ларын кызматка шайлоо, Кыргыз Республикасынын Конституциялык согунун
Төрагасын жана Төраганын орун басарын кызматка дайындоого макулдук бе-
рүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы
алынган учурдан тартып 14 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө карайт.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларын кызматка
шайлоо, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасын жана
Төраганын орунбасарын кызматка дайындоого макулдук берүү жөнүндөгү ма-
селелер Жогорку Кењештин жыйналышынын күн тартибине өзүнчө маселелер
катары киргизилет.".
98. 147-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"147-статья.
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун судьяларынын кызматына шайланууга, Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциялык соттун Төрагасынын, төраганын орун басары-
нын кызматына дайындалууга макулдук алган талапкерлер корутунду даярда-
ган комитетте алдын ала талкууланат, комитет ар бир талапкер боюнча ко-
рутунду даярдайт Талапкерлер комитеттин жыйналышына чакырылышы мүм-
күн.".
99. 148-статьянын экинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндал-
сын:
"Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасы-
нын Конституциялык сотунун судьялык кызматына шайланууга, Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциялык сотунун Төрагасынын жана Төраганын орунба-
сарынын кызматына дайындалууга макулдук алууга сунуш кылынган ар бир
талапкер талкуудан кийин жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизи-
лет.".
100. 149-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"149-статья.
Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун
алышкан адамдар Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялык
кызматына шайланды, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төра-
гасынын жана Төраганын орунбасарынын кызматтарына дайындоого макулдук
алды деп эсептелинет.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын кызма-
тына шайлоо, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасынын
жана Төраганын орун басарынын кызматына дайындоого макулдук берүү Жо-
горку Кењештин токтому менен жол-жоболоштурат. Аталган токтомду кабыл
алуу боюнча атайын добуш берүү талап кылынбайт.".
101. 150-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"150-статья.
Эгерде Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын
кызматына шайлоого, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төра-
гасынын жана Төраганын орунбасарынын кызматына макулдук берүүгө сунуш
кылынган талапкерлер талап кылынган добуштардын санын албай калса, анда
бош кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Президенти эки жумалык мөөнөт-
тө Жогорку Кењешке жањы талапкерлерди сунуш кылат.
Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судья-
ларын шайлоо, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасын
жана анын орунбасарын кызматка дайындоого макулдук берүү үчүн сунушта-
лып жаткан жањы талапкер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин
сунуштамасын Жогорку Кењешке сунуштамалар келип түшкөн күндөн тартып он
күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө карайт.
Бул талапкерлер боюнча талкуу жана добуш берүү ушул главада карал-
ган тартипте өткөрүлөт.".
102. 151-статьянын биринчи-үчүнчү бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда
баяндалсын:
"Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарыялангандан кийин Жогорку Кењеш-
тин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялык
кызматына шайланган адамдардын ант бере турган убактысын жарыялайт.
Төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун
судьялык кызматына шайланган адамдарды жыйналыштар залынын трибунасына
ант берүүгө чакырат, анын тексти Кыргыз Республикасынын Конституциялык
сотунун ишин жөнгө салуучу мыйзамда каралат.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялыгына шайлан-
ган адам Кыргыз Республикасынын Конституциясынын текстине колун коюп,
тикесинен туруп, анттын текстин угуза айтат.".
103. 152-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"152-статья.
Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судья-
ларын кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечимди Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентинин сунуштамасы боюнча кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларын мөөнөтү-
нөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө чечим Жогорку Кењештин депутатта-
рынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин көпчүлүк добушу менен
кабыл алынат.".
104. 153-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"153 статья.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо, аларды
ант берүүгө чакыруу, Кыргыз Республикасынын Жогорку согунун Төрагасынын
жана Төраганын орунбасарларынын кызматына дайындоого макулдук берүү,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын кызматы-
нан бошотуу Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту үчүн белгиленген
тартипте жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республика-
сынын Жогорку сотунун судьяларын кызматынан бошотуунун башкача тартиби
конституциялык мыйзам менен белгилениши мүмкүн.".
105. 23-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-глава
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
133-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202212/st-133" title="133-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>