1-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" газетасы, 2005-жылдын 18-ян-
вары, № 4-5) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда
баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши (мындан ары - Жогорку
Кењеш) партиялык тизме боюнча беш жылдык мөөнөткө шайланган 90 депутат-
тан турат.
Жогорку Кењеш өзүнө тиешелүү болгон маселелерди Кыргыз Республика-
сынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын дагы
башка ченемдик укуктук актыларына ылайык өз алдынча чечет.".
2. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья.
Жогорку Кењештин туруктуу турган жери Кыргыз Республикасынын бор-
бору - Бишкек шаары болуп саналат.
Жогорку Кењеш мамлекеттин менчигинде турган имаратта жайгашат. Жо-
горку Кењештин имаратына мамлекеттик Желек жана мамлекеттик Герб или-
нет.
Жогорку Кењештин иштерин камсыз кылуучуларды кошпогондо, Жогорку
Кењештин имаратына, Жогорку Кењештин карамагындагы жайларга, курулма-
ларга, анын аянтына башка уюмдар менен мекемелерди жайгаштырууга жол
берилбейт.".
3. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья.
Жогорку Кењештин карамагына төмөнкүлөр кирет:
"1) Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте
Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор
киргизүү;
2) мыйзамдарды кабыл алуу;
3) өзү кабыл алган мыйзамдарды расмий чечмелөө;
4) Кыргыз Республикасынын чегараларын өзгөртүү;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү киргизген республикалык бюджетти
жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү;
6) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн
маселелерин чечүү;
7) Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү киргизген социалдык-экономикалык
өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитүү;
9) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунуштамасы боюнча
Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү;
10) Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган учурларда
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым
мүчөсүнө ишеним көрсөтпөө;
11) Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча Кыргыз
Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларын шайлоо жана кызматы-
нан бошотуу;
12) Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча Кыргыз
Республикасынын Жогорку Сотунун судьяларын шайлоо жана кызматынан бошо-
туу;
13) Кыргыз Республикасынын Президентинин кайрылууларын жана бил-
дирүүлөрүн угуу;
14) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун дайындоого макулдук
берүү, аны сот тартибинде салынуучу жазык жана администрациялык жооп-
керчиликке тартууга макулдук берүү;
15) Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча Кыргыз
Республикасынын Улуттук банкынын төрагасын шайлоо;
16) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиянын төрагасын дайындоого макулдук берүү;
17) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиянын курамынын жарымын шайлоо, мыйзамда каралган тар-
типте жана учурларда аларды кызматынан бошотуу;
18) Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча Кыргыз
Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасын шайлоо жана кызматтан бо-
шотуу;
19) Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча Кыргыз
Республикасынын Эсептөө палатасынын бардык аудиторлор курамын шайлоо
жана кызматтан бошотуу;
20) Кыргыз Республикасынын Омбудсменин (Акыйкатчыны) шайлоо жана
кызматынан бошотуу, аны жазык жана сот тартибинде салынуучу администра-
циялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү;
21) Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчынынын) сунушта-
масы боюнча Омбудсмендин орун басарларын шайлоо жана кызматынан бошо-
туу, аларды жазык жана сот тартибинде салынуучу администрациялык жооп-
керчиликке тартууга макулдук берүү;
22) мыйзамда белгиленген тартипте эларалык келишимдерди ратифика-
циялоо жана денонсациялоо:
23) өзгөчө абалды киргизүү бул маселе боюнча Кыргыз Республикасы-
нын Президентинин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;
24) согуш жана тынчтык маселелерин чечүү, аскердик абалды кирги-
зүү, согуш абалын жарыялоо, бул маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын
Президентинин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;
25) тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык
келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарылчылыгы болгон учурда Кыргыз
Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пай-
далануу мүмкүнчүлүгүнүн маселесин чечүү;
26) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык ранг-
дарын класстык чендерин жана башка атайын наамдарын белгилөө;
27) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардактуу
наамдарын уюштуруу;
28) мунапыс жөнүндө актыларды чыгаруу;
29) чет мамлекеттердин эларалык уюмдардын жетекчилеринин жана баш-
ка өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүн угуу;
30) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку сотунун төрагаларынын, Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ар
жылдык баяндамаларын угуу;
31) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республи-
касынын Премьер министринин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын, Кыргыз Республика-
сынын Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетторун угуу;
32) Кыргыз Республикасынын Президентине каршы айып коюу, Кыргыз
Республикасынын Президентин кызматынан четтетүү;
Ушул статьяда көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун
жана баяндамаларын угуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана
мыйзамдарынын тийиштүү мамлекеттик органдар менен алардын кызмат адам-
дарынын өз алдынчалуулугу жана көзкаранды эместиги жөнүндөгү жоболорун
эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
Жогорку Кењештин актылары мыйзам жана токтом түрүндө кабыл алынат
Жогорку Кењеш ушул статьянын 1-пунктунун 1, 3-6, 9, 22, 28-пунктчала-
рында каралган маселелер боюнча мыйзамдарды кабыл алат, калган маселе-
лер боюнча, анын ичинде мыйзамдардын аткарылышына контролдукту жүзөгө
ашыруу боюнча токтом кабыл алат. Жогорку Кењеш токтом формасында кабыл
алынуучу билдирүүлөрдү жана кайрылууларды жасоого акылуу.
Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө
ашырат.".
4. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку Кењештин Төрагасы:
1) Жогорку Кењештин жыйналыштарын алып барат;
2) Жогорку Кењештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоо-
го жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
3) Жогорку Кењеш кабыл алган актыларга кол коет;
4) Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкаркы жерлерде Жо-
горку Кењештин агынан чыгат, Жогорку Кењештин Президент, Өкмөт, мамле-
кеттик бийликтин аткаруу жана сот бутактары, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары менен өз ара байланышын камсыз кылат;
5) Жогорку Кењештин Аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө
ашырат жана контролдук кылат, тийиштүү тескемелерди чыгарат;
6) Жогорку Кењештин документтеринин жүгүртүлүшү жөнүндө жобону бе-
китет;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн же Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн бири-
нен кем эмесинин сунушу боюнча Жогорку Кењештин кезексиз сессияларын
чакырат;
8) Жогорку Кењештин Төрагасынын орун басарларынын жана Жогорку Ке-
њештин комитеттеринин төрагаларынын кызматтык милдеттерин аткарышын
контролдойт;
9) Жогорку Кењештин жооптуу кызмат адамдарынын иш сапарлары жөнүн-
дө тескеме чыгарат, иш сапарында аткарган иштери тууралу отчету беки-
тет, же ушул милдетти өзүнүн каалоосу боюнча Төраганын орунбасарларынын
бирөөсүнө жүктөйт;
10) Жогорку Кењештин тапшырмаларын аткарат;
11) Жогорку Кењешке сунуш кылынган мыйзам долбоорлорун жана мате-
риалдарды аларды кароонун жүрүшүнө байланышкан маселелерге ылайык коми-
теттерге, депутаттык фракцияларга жиберет;
12) Жогорку Кењештин Аппаратынын жетекчисин жана анын орун басар-
ларын, Жогорку Кењештин Иш башкармалыгынын Иш башкаруучунун жана анын
орунбасарларын кызматка дайындайт жана бошотот;
13) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык төмөн-
дөгүлөрдү кызматка дайындайт жана бошотот:
Аппараттын жетекчисинин сунуштамасы боюнча Жогорку Кењештин Аппа-
ратынын, Жогорку Кењештин Иш башкармасынын башкаруучусунун сунуштамасы
боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана алардын орунбасарларын;
Аппараттын жетекчисинин сунуштамасы боюнча тийиштүү комитеттердин
төрагалары менен макулдашуу аркылуу комитеттердин бөлүмдөрүнүн жетекчи-
лерин жана алардын орунбасарларын;
тийиштүү депутаттык фракциялардын лидерлеринин сунуштамасы боюнча
- депутаттык фракциялардын секретариатынын жетекчилерин.
14) Жогорку Кењешке бөлүнүп берилген каражаттарды Жогорку Кењештин
бекитилген бюджетине жана чыгымдарынын сметасына ылайык тескейт;
15) Жогорку Кењештин жана анын органдарынын ар-намысын жана ка-
дыр-баркын сактоо, коргоо боюнча чараларды көрөт;
16) Жогорку Кењештин коопсуздугун камсыз кылат;
17) Жогорку Кењештин иш тартибин жана ырааттамасын сактоону камсыз
кылат;
18) Жогорку Кењештин комитеттеринин төрагалары жана депутаттык
фракциялардын лидерлери менен бирдикте Жогорку Кењештин ишинин жалпы
программасынын долбоорун иштеп чыгат, кезектеги айда маселелерди кароо-
нун календарын түзөт;
19) имарат-жайларды, курулмаларды, жабдууларды, транспортту, ошон-
дой эле Жогорку Кењешке тиешелүү болгон аймакты пайдалануу маселесин
чечет;
20) кабыл алынган Жогорку Кењештин токтомдорунун аткарылышына кон-
тролду жүзөгө ашырат;
21) Жогорку Кењештин чыгымдарынын сметасынын долбоорун иштеп чы-
гууну камсыз кылат жана бюджеттик жыл аяктаганга 3 ай калгандан кечик-
тирбестен аны Жогорку Кењештин кароосуна коет;
22) бюджеттик жыл аяктагандан кийин бир жарым айдан кечиктирбестен
Жогорку Кењештин өткөн жылдагы чыгымдары жана алардын Жогорку Кењештин
чыгымдарынын бекитилген сметасына туура келиши же андан четтегендиги
тууралу Жогорку Кењештин кароосуна жазуу жүзүндө кењ кесири отчет бе-
рет;
23) эгерде киргизилип жаткан мыйзам долбоорлоруна коюлуучу ушул
Мыйзамдын талаптары аткарылбаса Жогорку Кењешке киргизилген мыйзам дол-
боорлору боюнча Жогорку Кењештин комитеттеринин корутундусунун (чечими-
нин) негизинде мыйзам чыгаруу демилгесинин укугун субъекттерге кайтарып
берет;
24) Жогорку Кењеште каттоодон өткөн депутаттык фракцияларга ушул
Мыйзамда көрсөтүлгөн иш милдеттерин жүзөгө ашырышына көмөк көрсөтүү
максатында бөлмөлөр, керектүү жабдуу шайман берет аларга ишенимин акта-
ган администрациялык техникалык кызматкерлерди бекитет;
25) Жогорку Кењештин ишин уюштуруу боюнча дагы башка ыйгарым укук-
тарды жүзөгө ашырат.
Жогорку Кењештин Төрагасынын тескемеси депутаттардын жалпы санынын
көпчүлүк добушу менен кабыл алынган Жогорку Кењештин чечими боюнча өз-
гөртүлүшү толукталышы, жокко чыгарылышы мүмкүн.
Жогорку Кењештин Төрагасы Жогорку Кењешке жоопкер жана ар жылы өз
иши жана Жогорку Кењештин Аппаратынын ишинин уюштурулушу тууралу Жогор-
ку Кењешке отчет берет.
Төрага ушул регламенттин жоболоруна ылайык маселелерди талкуулоого
катышуу үчүн депутаттык фракцияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзөт.
Жогорку Кењештин Төрагасы Жогорку Кењештин жыйналышынын учурунда
Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана ушул Мыйзамды жетекчиликке
алат. Жогорку Кењештин жыйналышынан тышкары учурда өзү мүчө болгон
фракциянын ишине катышууга жана фракциялык тартипке баш ийүүгө милдет-
түү.".
5. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья.
Жогорку Кењеш өзүнүн депутаттарынын ичинен Жогорку Кењештин коми-
теттерин түзөт Жогорку Кењештин комитеттеринин курамынын эњ аз саны үч-
төн кем эмес депутаттан турууга тийиш.
Жогорку Кењештин комитеттеринин саны, алардын карамагындагы масе-
лелер, ошондой эле алардын курамы боюнча сунуштарды депутаттык фракция-
лар киргизет.
Жогорку Кењештин комитеттерин түзүү, алардын карамагындагы маселе-
лерди аныктоо жөнүндө токтом Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы са-
нынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат "
6. 10-статьянын экинчи бөлүгү "комиссиялардын" деген сөздөн мурда
"убактылуу" деген сөз менен толукталсын, "чечимдер" деген сөз "токтом"
деген сөз менен алмаштырылсын.
7. 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-статья.
Комитеттер, убактылуу комиссиялар мамлекеттик бийлик органдарынан,
менчикте мамлекеттин үлүшү болгон ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан
өздөрүнүн ишине керек болгон документтер менен материалдарды суратып
алууга, алардын кызмат адамдарын өздөрүнүн жыйналышына чакырууга укук-
туу.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-
ры, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар, ишканалар жана мекемелер,
ошондой эле менчигинде мамлекеттин үлүшү болгон башка юридикалык жактар
жана алардын кызмат адамдары бир айлык мөөнөттө Жогорку Кењештин коми-
теттерине жана убактылуу комиссияларына алар сураган документтер менен
материалдарды берүүгө милдеттүү.".
8. 14-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-статья.
Жогорку Кењештин комитеттери жана убактылуу комиссиялары өздөрүнүн
компетенциясындагы бардык маселелер боюнча сунуш иретиндеги же милдет-
түү түрдөгү чечимдерди кабыл алышат.
Жогорку Кењештин комитеттеринин жана убактылуу комиссияларынын че-
чимдерин алышкан мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар, ишканалар жана мекеме-
лер, ошондой эле менчигинин үлүшүндө мамлекеттик же муниципалдык үлүшү
бар башка юридикалык жактар аларды кароого милдеттүү Кароонун натыйжа-
лары же көрүлгөн чаралар тууралу Жогорку Кењештин комитеттерине же
убактылуу комиссияларына бир айдан кечиктирилбестен же Жогорку Кењештин
комитеттери жана убактылуу комиссиялары белгилеген башка мөөнөттүн
ичинде маалымат берилүүгө тийиш.".
9. 15-статьяда:
биринчи-төртүнчү бөлүктөгү "комитеттер" деген сөздөрдөн кийин ти-
йиштүү жөндөмөдөгү "жана Жогорку Кењештин убактылуу комиссиялары" деген
сөздөр менен толукталсын;
бешинчи-жетинчи бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде мыйзамдардын же ченемдик укуктук актынын бузууларын четте-
түү боюнча Жогорку Кењештин комитеттеринин жана убактылуу комиссиялары-
нын чечимдери мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы
же алардын кызмат адамы тарабынан аткарылбаса же талапка ылайык атка-
рылбаса, Жогорку Кењештин комитеттери жана убактылуу комиссиялары жого-
ру турган мамлекеттик органга тартип бузууларды четтетүү жана колдонуу-
дагы мыйзамдарга ылайык кызмат адамын жоопкерчиликке тартуу тууралу су-
нуштама киргизет.
Эгерде жогору турган орган да мыйзамдарды же ченемдик-укуктук ак-
тыларды четтетүү боюнча тийиштүү чара кабыл албаса, Жогорку Кењештин
комитеттери жана убактылуу комиссиялары парламенттик угууну өткөзүүгө
укугу бар, парламенттик угууда мыйзамдарды же укуктук-ченемдик актылар-
ды бузууга жол берген адамдарга Кыргыз Республикасынын Башкы прокурату-
расына сунуштама жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн.
Бул учурда жогору турган орган же кызмат адамы бир айдын ичинде
тиешелүү комитетке жана Жогорку Кењештин убактылуу комиссияларына кабыл
алынган чечим жөнүндө билдирет.".
10. 16-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-статья.
Жогорку Кењештин комитеттери өздөрүнүн контролдук ыйгарым укукта-
рын жүзөгө ашыруу максатында мыйзам бузуулардын фактысы же мыйзам жобо-
лорунун же Жогорку Кењештин дагы башка ченемдик укуктук актыларынын ат-
карылбай жатышы жөнүндө мамлекеттик жана коомдук мааниси бар башка ма-
селелер боюнча аргандай мамлекеттик органга, жергиликтүү өзалдынча баш-
каруу органдарына жана Кыргыз Республикасынын аргандай кызмат адамына
кайрылууга укуктуу.
Мыйзамдын же Жогорку Кењештин чечимдеринин аткарылышын текшерген
учурда комитеттер, Жогорку Кењештин убактылуу комиссиялары өздөрү өткө-
рүп жаткан иш-чараларга катышууга контролдук-көзөмөлдөө функциялары бар
мамлекеттик контролдоо органдарынын, ошондой эле мамлекеттик эмес ауди-
тордук кызматтардын өкүлдөрүн, айрым адистерди тартууга укуктуу.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары
менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер, уюмдар жана алардын
кызмат адамдары Жогорку Кењештин комитеттерине жана убактылуу комиссия-
ларына мыйзам тарабынан корголуучу мамлекеттик жана мыйзам менен корго-
луучу башка сырды эске алуу менен алардын сураган документтерин, мате-
риалдарын, маалыматтарын берүүгө жана көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.".
11. 5-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-глава
Депутаттык фракциялар
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202212/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>