# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-декабрындагы №176"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-декабрындагы №176"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 176
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3649/edition/329389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-декабрындагы №176"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" мыйзамы (22.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202211

---

Кыргыз Республикасынын

2009-жылдын 22-октябрындагы № 283 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары

2007-жылдын 27-декабры №176

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө

2007-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши

тарабынан кабыл алынган

(Кыргыз Республикасынын

2008-жылдын 9-июнундагы № 112 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202211/st-1)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү түзүмү бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай

министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары

министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комите-

ти;

Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамле-

кеттик комитети;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-

кеттик комитети;

Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик

комитети;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202211/st-2)

Ушул Мыйзам менен бекитилген түзүмгө ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү төмөнкүлөрдөн тура тургандыгы белгиленсин:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министри;

Кыргыз Республикасынын министрлери;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагалары.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202211/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана анын жетекчилиги ме-

нен төмөнкү административдик ведомстволор иштей тургандыгы белгиленсин:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш

боюнча мамлекеттик агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт,

жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамле-

кеттик агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон

укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык

ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик

агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат

жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү

коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим

берүү боюнча мамлекеттик агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар

жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жа-

на технологиялар мамлекеттик агенттик;

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 9-июнундагы №112 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

### [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202211/st-4)

Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын 2007-жылдын 6-февралындагы № 12 Мыйзамы күчүн жоготту деп та-

былсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
