# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-августундагы № 139 "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-августундагы № 139 "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202210>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3648/edition/1234055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202210.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-августундагы № 139 "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202210

---

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары 2007-жылдын 9-августу № 139

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

2007-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202210/st-1)

"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес- публикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 320-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 23-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштыруу- га байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кирешелерди жана мүлктү легалдаштырууга байланышкан нотариустук аракет- терди аткаргандык үчүн."; 3-5-бөлүктөр тийиштүүлүгүнө жараша 4-6-бөлүктөр деп эсептелсин.

2. 28-статьяда:

1-бөлүк төмөнкү мазмундагы 18-пункт менен толукталсын: "18) мүлктүн жана баалуу кагаздардын тиешеси жок адамдан легалдаш- тыруунун субъектисине бекер өткөрүлгөндүгү жөнүндө келишимди күбөлөндүрөт."; статья төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Легалдаштырылган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудагы нота- риустук аракеттер киреше салыгы төлөнгөн шартта гана ишке ашырылуусу мүмкүн.". 2-бөлүк 3-бөлүк деп эсептелсин.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202210/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын эки айлык мөөнөттүн ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202210/st-3)

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет жана ушул Мыйзамдын 1-статьясынын 2-пунктунан башкасы "Акча каражаттарын, кыймыл- дуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулуу мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө болот.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
