Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-03-09.
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары 2007-жылдын 9-августу № 139
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
2007-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес- публикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 320-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 23-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштыруу- га байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кирешелерди жана мүлктү легалдаштырууга байланышкан нотариустук аракет- терди аткаргандык үчүн."; 3-5-бөлүктөр тийиштүүлүгүнө жараша 4-6-бөлүктөр деп эсептелсин.
2. 28-статьяда:
1-бөлүк төмөнкү мазмундагы 18-пункт менен толукталсын: "18) мүлктүн жана баалуу кагаздардын тиешеси жок адамдан легалдаш- тыруунун субъектисине бекер өткөрүлгөндүгү жөнүндө келишимди күбөлөндүрөт."; статья төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Легалдаштырылган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудагы нота- риустук аракеттер киреше салыгы төлөнгөн шартта гана ишке ашырылуусу мүмкүн.". 2-бөлүк 3-бөлүк деп эсептелсин.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын эки айлык мөөнөттүн ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет жана ушул Мыйзамдын 1-статьясынын 2-пунктунан башкасы "Акча каражаттарын, кыймыл- дуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулуу мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө болот.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Нотариат жөнүндөЗакон · 09.03.2023 · № 54
- Нотариат жөнүндөЗакон · 30.05.1998 · № 70 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Нотариат жөнүндөЗакон · 09.03.2023 · № 54