# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 13-июнундагы № 88 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 13-июнундагы № 88 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1925/edition/431603/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 13-июнундагы № 88 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" мыйзамы (13.06.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20221

---

Бишкек шаары

2007-жылдын 13-июну № 88

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөр жана толуктоо

киргизүү тууралу

2007-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/20221/st-1)

"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-

мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., №

11, 537-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:

ар кандай жөндөмөдөгү "арбитраждык сот" деген сөздөр тийиштүү

жөндөмөдөгү "сот" деген сөз менен алмаштырылсын;

ар кандай жөндөмөдөгү "Арбитраждык процесстик кодекс" деген сөздөр

тиешелүү жөндөмөдөгү "Жарандык процесстик кодекс" деген сөздөр менен

алмаштырылсын;

ар кандай жөндөмөдөгү "Жогорку Арбитраждык сот" деген сөздөр тие-

шелүү жөндөмөдөгү "Жогорку сот" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

"арбитраждык процессте" деген сөздөр "сот процессинде" деген

сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 27-19-статьяда:

3 жана 4 -пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Соттун аныктамасы ал кабыл алынган учурдан тартып он күн

өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Соттун аныктамасы апелляциялык тартипте даттанылуучу сот актысы

чыгарылган учурдан тартып он күндүк мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.";

статья төмөндөгүдөй мазмундагы 5 жана 6-пункттар менен толуктал-

сын:

"5. Соттун аныктамасы кассациялык тартипте даттанылуучу сот актысы

мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып он беш күндүк мөөнөттө даттаны-

лышы мүмкүн.

6. Соттун аныктамасы көзөмөл тартибинде апелляциялык же кассация-

лык аныктама кабыл алынган учурдан тартып бир айлык мөөнөттө даттанылы-

шы мүмкүн.".

3. 27-25-статьяда:

2-пункттун 1-пунктчасындагы "арбитраждык" деген сөз алып салынсын;

3-пункттагы "даттанууга мүмкүн эмес" деген сөздөр "даттанса болот"

деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. 27-32-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"27-32-статья. Апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы

өндүрүш

1. Банкроттук жөнүндөгү иштер боюнча апелляциялык жана кассациялык

инстанциялардагы өндүрүш ушул статьяда белгиленген өзгөчөлүктөр менен

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык жүзөгө ашы-

рылат.

2. Апелляциялык даттануу чечим же аныктама кабыл алган сотко сот

тарабынан тиешелүү сот актысы кабыл алынгандан кийин он күндүн аралы-

гында берилет.

3. Кассациялык даттануу чечим же аныктама кабыл алган сотко сот

тарабынан тиешелүү сот актысы кабыл алынгандан кийин он беш күндүн ара-

лыгында берилет.

4. Апелляциялык же кассациялык даттануунун кабыл алынганы жөнүндө

апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттук курамдын судьясы дат-

тануу келип түшкөн учурдан тартып үч күндүн ичинде аныктама чыгарат.

5. Апелляциялык же кассациялык даттануу ал сотко келип түшкөн

күндөн тартып он күндүк мөөнөттө каралат.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/20221/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-

йык келтирсин.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/20221/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
