# 9-статья. Өздөрүн кайрылман деп таануу тууралу расмий өтүнүч менен кайрылышкан адамдардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202209)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-ноябрындагы № 175 "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.02.2023 [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529); 27.01.2015 [Закон КР от 27 января 2015 года № 27 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205451)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202209#diff=1272944..1272945>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3647/edition/1272942/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202209/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө, 9-статья (24.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-9

---

Өздөрүн кайрылман деп таануу жөнүндө өтүнүч берген чет өлкөлөрдө жашаган жана Кыргыз Республикасынын аймагына келген адамдар ушул Мыйзамда каралган өзгөчөлүктөр менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеги укуктардан пайдаланышат жана милдеттерди тартышат. Өздөрүн кайрылман деп таануу жөнүндө өтүнүч менен кайрылышкан адамдардын убактылуу жайгашуу борборлорунда жашап туруусунун шарты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Өздөрүн кайрылман деп таануу жөнүндө өтүнүч берген чет өлкөлөрдө жашаган жана Кыргыз Республикасынын аймагына келген адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

- жашай турган жери болбогон учурда убактылуу жайгашуу борборуна жолдомо алгандан кийин үч күндүн ичинде ал жакка жөнөп кетүүгө;

- чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жашаган жери жөнүндө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө;

- убактылуу жайгашуу борборунда жашап туруунун белгиленген тартибин сактоого;

- саламаттык сактоо органдарынын талабы боюнча медициналык кароодон өтүүгө, эмдөөлөрдөн, дарылоолордон өтүүгө, ошондой эле саламаттык сактоо органдарынын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн аткарууга;

- расмий өтүнүчтү кароо үчүн керек болгон маалыматтарды тиешелүү миграция кызматтарына билдирүүгө.

(КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 ) Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-10)
