# 8-статья. Кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүчтү кароонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202209)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-ноябрындагы № 175 "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 24 января 2024 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000982)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.01.2024 [Закон Кыргызской Республики от 24 января 2024 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000982); 22.02.2023 [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529); 27.01.2015 [Закон КР от 27 января 2015 года № 27 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205451)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202209#diff=1272946..2097>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3647/edition/1272942/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202209/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө, 8-статья (24.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-8

---

Өтүнүчтү кароо жана кайрылман статусун берүү жөнүндө же кайрылман статусун берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгаруу өтүнүч катталган күндөн тартып эки айдын ичинде жүзөгө ашырылат. Эгерде өтүнүч берген адамга кайрылман статусу берилсе, анда кайрылман статусу анын жубайына жана жашы жете элек балдарына, ошондой эле алар чогуу жашаган шартта, анын багуусундагы башка адамдарга да жайылтылат. Жашы жете элек балдары, жубайы, ошондой эле алардын багуусундагы башка адамдар Кыргыз Республикасында ага кошулууга жана кайрылман статусун алууга укуктуу. Кайрылман статусун алган адамдарга белгиленген үлгүдөгү кайрылмандын ырастамасы берилет.

Кайрылман ырастамасы кайрылман деп таанылган адамдын социалдык жана укуктук статусун тастыктоочу, Кыргыз Республикасында жүргөн жери боюнча каттоого туруу жана мамлекеттик кепилдиктерди алуу үчүн негиз болуп саналуучу, инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат. Кайрылман ырастамасынын үлгүсү, аны берүү, алмаштыруу жана жараксыз деп таануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36, 2024-жылдын 24-январындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-9)
