# 7-статья. Кайрылман статусун берүү үчүн кайрылуунун тартиби жана документтердин тизмеги

- Документ: [Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202209)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-ноябрындагы № 175 "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 24 января 2024 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000982)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.01.2024 [Закон Кыргызской Республики от 24 января 2024 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000982); 14.07.2023 [Закон Кыргызской Республики от 14 июля 2023 года № 139 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику"](https://aqlex.ai/kg/doc/112619); 22.02.2023 [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529); 27.01.2015 [Закон КР от 27 января 2015 года № 27 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205451)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202209#diff=1272946..2097>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3647/edition/1272942/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202209/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө, 7-статья (24.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-7

---

Кайрылман статусун берүү жөнүндө адамдардын өтүнүчү үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бири тарабынан жеке өзү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу берилет:

- алардын жарандыгынын аймагында же туруктуу жашаган жеринде Кыргыз Республикасынын миграция боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына андан ары жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери кайрылман статусун ыйгаруу үчүн талапкерлердин арыздарын жана башка документтерин кабыл алат жана алар катталган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде аларды Кыргыз Республикасынын миграция боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жөнөтөт;

- Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын миграция боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына.

Арыз ээси сканерленген документтерди миграция боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын расмий электрондук дарегине жиберүүгө укуктуу. Документтер ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу берилген же электрондук дарекке жөнөтүлгөн учурда, өтүнүчкө кол койгон адамдын кол тамгасынын аныктыгы жана өтүнмөгө тиркелген документтин көчүрмөсүнүн анын түп нускасына ылайык келүүсү нотариалдык жактан күбөлөндүрүлөт. Этникалык кыргыздар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрылман статусун берүү жөнүндө кайрылганда, мамлекеттик алымдарды жана консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттарды төлөөдөн бошотулат.

Өтүнүч берүүчү адам же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүчү менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте легалдаштырылган төмөнкү документтерди берет:

- паспорт же аны алмаштыруучу документ;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

- (абзац КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- нике тууралуу күбөлүк (эгерде бар болсо).

Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгон учурда, өтүнүч берген адамдын улутун ырастоо үчүн төмөнкү документтердин бири берилет:

- жакын туугандарынын биринин (ата-энесинин, балдарынын, бала асырап алгандардын, ата-энелери бир жана ата-энелеринин бирөө башка ага-инилеринин жана (же) эже-карындаштарынын, эже-сиңдилеринин, чоң атасынын, чоң энесинин, таята-таянесинин, неберелеринин) туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

- ата-энесинин никеси тууралуу күбөлүк;

- алыс туугандарынын (аталаш ага-инилеринин жана (же) эже-карындаштарынын, эже-сиңдилеринин) биринин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.

Кайрылман статусун берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган этникалык кыргыздар инсандыгын ырастоочу документи болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү таануу актысынын негизинде жакын туугандарынын биринин (ата-энесинин, балдарынын, асырап алуучулардын, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана (же) кыз бир туугандарынын, чоң атасынын, чоң энесинин, таятасынын, таянесинин, неберелеринин) паспортун берет. Эгерде анын этникалык таандыктыгы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан ырасталса, чет мамлекетте туулган, паспортунда же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө улутунун графасы болбогон этникалык кыргыз кайрылман статусун ала алат. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан бул адамдын этникалык таандыктыгын ырастоо мүмкүн болбогон учурда, кайрылман статусун берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө тийиштүү чечим кайрылман статусун берүү жөнүндө этникалык кыргыздардын өтүнүчтөрүн кароо боюнча комиссия тарабынан кабыл алынат. (КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36, 2023-жылдын 14-июлундагы № 139, 2024-жылдын 24-январындагы № 25 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-8)
