# 3-статья. Этникалык кыргыздардын иммиграциясын жөнгө салуунун негизги принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202209)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-ноябрындагы № 175 "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3647/edition/1272942/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202209/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө, 3-статья (24.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-3

---

Этникалык кыргыздардын иммиграциясы жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу төмөндөгүдөй принциптерге негизделет:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен бекемделген адамдын көчүп-конуп жүрүү эркиндигин, эмгектенүү эркиндигин, кесип тандоо жана иш тандоо эркиндигин камсыз кылууга;

- республиканын учурдагы социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен тышкы миграция жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эларалык укуктун жалпыга таанылган ченемдерине жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам тартибинде күчүнө кирген эларалык келишимдерге ылайык келтирүүнү камсыз кылууга;

- Кыргыз Республикасына этникалык кыргыздардын көчүп келүүсүнө ар тараптан көмөктөшүүгө, алардын жайгашуусун уюштурууга, кайрылмандарга жумушчу орундарын түзүүгө, социалдык жактан камсыз кылууга жана социалдык жардам көрсөтүүгө;

- тиешелүү мамлекеттик органдардын этникалык кыргыздардын иммиграциялык процесстерин иретке салууну уюштурууга катышуусуна.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-4)
