# 15-статья. Кайрылмандарга берилүүчү социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер

- Документ: [Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202209)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-ноябрындагы № 175 "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 24 января 2024 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000982)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.01.2024 [Закон Кыргызской Республики от 24 января 2024 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000982); 14.07.2023 [Закон Кыргызской Республики от 14 июля 2023 года № 139 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику"](https://aqlex.ai/kg/doc/112619); 22.02.2023 [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529); 27.01.2015 [Закон КР от 27 января 2015 года № 27 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205451)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202209#diff=1272946..2097>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3647/edition/1272942/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202209/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө, 15-статья (24.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-15

---

Мамлекет кайрылмандар үчүн төмөнкү социалдык кепилдиктерди жана жеңилдиктерди белгилейт:

- Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына өтүү үчүн квота бөлүүнү;

- муктаж болгондорго жалпы билим берүүчү орто жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан орун берүүнү;

- мамлекеттик жана расмий тилдерди үйрөнүү үчүн шарттарды түзүүнү;

- ишке орношууда, кесибин жогорулатууда жана жаңы кесипти өздөштүрүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жардам көрсөтүүнү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөп берүүнү;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык зарыл болгон медициналык-санитардык жардам алууга;

- Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн каралган мамлекеттик даректүү жардам көрсөтүүнү.

Бажы чек арасы аркылуу этникалык кыргыздардын жана кайрылмандардын өндүрүштүк, ишкердик же башка коммерциялык иш үчүн эмес, жеке пайдалануу үчүн арналган товарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнөкөйлөштүрүлгөн, жеңилдетилген тартипте бажы алымдарын төлөбөстөн алып өтүлүшү мүмкүн. Этникалык кыргыздар жана кайрылмандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, жеке пайдаланууга арналган өздүк автотранспорт каражаттары менен бажы чек арасы аркылуу өтүүгө укуктуу. Кайрылмандар жумушка уруксат албастан эмгек ишин жүзөгө ашырууга укуктуу. Кайрылмандар Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында аныкталган шарттарда жана тартипте өздөрү катталган жана жашаган айыл аймагынын аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлердин категориясынан мөөнөттүү пайдалануу үчүн жер алууга укуктуу. Белгилүү жашаган жери жок кайрылмандар жана этникалык кыргыздар өздөрү жашаган аймактагы тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталууга укуктуу.

(КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36, 2023-жылдын 14-июлундагы № 139 , 2024-жылдын 24-январындагы № 25 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-16)
