# 10-статья. Кайрылмандын статусунун токтотулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202209)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-ноябрындагы № 175 "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 24 января 2024 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000982)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202209#diff=1272946..2097>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3647/edition/1272942/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202209/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө, 10-статья (24.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-10

---

Кайрылмандын статусу төмөндөгүдөй учурларда токтотулат:

- Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганда;

- четөлкөгө туруктуу жашоо үчүн жөнөп кеткенде;

- кайрылмандын статусун алган учурда жалган маалымат бергенде;

- кайрылмандын арызы болгондо.

Кайрылман статусун токтотуу жөнүндө кабарлама, анын даттануу себептерин, мөөнөттөрүн жана тартибин көрсөтүү менен чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде адамдын жеке өзүнө (ыйгарым укуктуу өкүлүнө) тапшырылат же миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан анын катталган же иш жүзүндө жашаган жери боюнча жөнөтүлөт. Кайрылман статусун токтотуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн. (КР 2024-жылдын 24-январындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-11)
