10-статья. Кайрылмандын статусунун токтотулушу
Күчүндө · 24.01.2024 редакциясы · 2-глава
Кайрылмандын статусу төмөндөгүдөй учурларда токтотулат:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганда;
- четөлкөгө туруктуу жашоо үчүн жөнөп кеткенде;
- кайрылмандын статусун алган учурда жалган маалымат бергенде;
- кайрылмандын арызы болгондо.
Кайрылман статусун токтотуу жөнүндө кабарлама, анын даттануу себептерин, мөөнөттөрүн жана тартибин көрсөтүү менен чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде адамдын жеке өзүнө (ыйгарым укуктуу өкүлүнө) тапшырылат же миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан анын катталган же иш жүзүндө жашаган жери боюнча жөнөтүлөт. Кайрылман статусун токтотуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн. (КР 2024-жылдын 24-январындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202209/st-10" title="10-статья - Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>