# 1-статья. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202209)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-ноябрындагы № 175 "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3647/edition/1272942/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202209/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө, 1-статья (24.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-1

---

Кайрылман - Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн көчүп келүүнү каалаган (көчүп келген) жана кайрылман статусун алган чет өлкөлүк жаран (жарандыгы жок адам) болуп саналган этникалык кыргыздар; кайрылман статусу - этникалык кыргыз болуп саналган чет өлкөлүк жарандын (жарандыгы жок адамдын) белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталуучу убактылуу социалдык жана укуктук статусу;

(үчүнчү абзац КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

убактылуу жайгашуу борбору - Кыргыз Республикасынын аймагында өздөрүн кайрылмандар деп таануу тууралу расмий өтүнүч берген адамдардын жана алардын үй -бүлө мүчөлөрүнүн убактылуу жайгашкан жери; жайгашуу аймагы - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоо үчүн жер; этникалык кыргыз - чет өлкөлүк жаран (жарандыгы жок адам) болуп саналган кыргыз улутундагы адам.

(КР 2008-жылдын 18 июлундагы № 157, 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2024-жылдын 24-январындагы № 25 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202209/st-2)
