# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 13-июнундагы №87 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 13-июнундагы №87 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20220>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1924/edition/858170/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20220.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 13-июнундагы №87 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" мыйзамы (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20220

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2007-жылдын 13-июну № 87

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/20220/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 10, 442-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 110-статьянын 2-бөлүгүндөгү "токтоосуз" деген сөздөн кийин "кат жүзүндө" деген сөздөр менен толукталсын; "соттолуучунун" деген сөздөн кийин "далил үчүн делонун материалдарына эмне документтерди кошумча тиркөө зарыл болсо" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 251-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"251-статья. Сот жыйынына чакыруу Судья сот процессинин катышуучулары болгон адамдарды сот жыйынына чакыруу жөнүндө тескеме берет, ошондой эле сот жыйынын даярдоо үчүн башка чараларды көрөт.". Катышуучу адамдарды айыпталуучу жана коргонуучу тараптар камсыз кылышат. Ошол адамдар жүйөлүү себептерсиз катышпаган учурда алып келүү ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлөт.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/20220/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев

2007-жылдын 24-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
