# 416-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин жоготуу, бузуу, жашырып коюу же мыйзамсыз жок кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202196)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 162 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 162
- Кабыл алынган күнү: 09.11.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.11.2007
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202196/st-416>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3634/edition/329372/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202196/st-416.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.11.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу, 416-статья (09.11.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202196/st-416

---

Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин, анын ичинде аудиовизуалдык документтерди да жоготуу, бузуу, жашырып коюу же мыйзамсыз жок кылуу, - жарандарга - жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.".

5. 508-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "400-1-статьясынын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр "400-1-статьясында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. 36-глава төмөнкүдөй мазмундагы 512-1-статья менен толукталсын:

"512-1-статья. Чек ара кызматынын органдары Чек ара кызматынын органдары ушул Кодекстин 389, 389-1, 389-2, 389-3-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт. Чек ара контролун жүргүзгөн учурда администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык жазаларды берүүгө чек ара бөлүктөрүнүн, чек ара комендатураларынын командирлери, чек ара заставаларынын начальниктери, чек ара бөлүмдөрүнүн жана чек ара контролу бөлүмдөрүнүн начальниктери, чек ара наряддарынын смена начальниктери укуктуу.".

7. 513-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"513-статья. Юстиция органдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана анын аймактык башкаруу органдары ушул Кодекстин 395-статьясынын 1-пунктчасында, 400-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 401-403-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык жаза көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу. 400-статьянын биринчи бөлүгү, 401 жана 403-статьялар менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын мыйзамдар жана укуктук экспертиза боюнча структуралык подразделениесинин начальниги жана юстиция башкармалыгынын аймактык органдарынын начальниктери; 395-статьянын 1-пунктчасы, 402-статья менен - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын мамлекеттик каттоо боюнча структуралык подразделениесинин начальниги жана юстиция башкармалыгынын аймактык органдарынын начальниктери.".

8. 543-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"543-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив мекемелеринин органдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив мекемелеринин органдары ушул Кодекстин 415 жана 416-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү ишти кароого жана администрациялык жаза берүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

- архив иштерин башкаруунун республикалык органынын жетекчиси жана анын орун басары;

- архивдерди башкаруунун мамлекеттик аймактык органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары.".

---

Мурунку берене: [389-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202196/st-389-3)  
Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202196/st-2)
